Бүгүн, 19-май күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту УКМКнын алдындагы митингде кармалгандардын ишин карап баштайт. Азыркы тапта соттун алдына кармалган 12 баланын жакындары чогулушту.
Ишти Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков карайт.
Айта кетсек, 25-мартта УКМКнын алдында Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровду колдоо митингинде жалпы 105 адам кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Алардын ичинен 64 адам 2 суткадан 5 суткага чейин Бишкек ШИИББинин кабыл алып бөлүштүрүү жайына киргизилген. Ошондой эле 12 адамга административдик айып салынып, 2 адамга эскертүү берилген. Калгандары менен түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Мындан тышкары кармалгандардын 12сине кылмыш иши козголуп, алар 2 айга камалышкан. Алардын арасында Рустам Жапаров бар. Бул кылмыш иши "бейбаштык", "милиция кызматкерине кол көтөрүү", "бирөөнүн мүлкүн сындыруу" беренелеринин негизинде экени айтылган.
Митинг учурунда 5 милиция кызматкери жабыркаган.