Жеңишке бирге! Теңир-Тоолуктар Сариевди колдойт!

Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Темир Сариевдин үгүт кербени кечээ Нарын шаарында уланып, Теңир-Тоонун туш-тарабынан келгендер талапкерди “Жеңишке бирге!” деген ураан менен тосуп алышты.



Шаардын борбордук аянтына чогулган миңдеген адамдын алдында алгач сөз алган милициянын полковниги Орозобек Молдосариев талапкер Темир Сариевдин саясий-коомдук ишмердигине азыноолак токтолуп өттү. “Урматтуу туугандар, азыркы президентибиз Алмазбек Шаршенович өз мөөнөтүн аяктап жатып, “татыктуу президентти эл өзү тандап алышы керек” деп мыйзам алдында жоопкерчиликтүү билдирүү жасады. Ошондуктан биз шайлоодо татыктуу талапкерди тандап алалы. Ар бириңиздер “мага ким канча тыйын берет экен” деп ар кимдин чөнтөгүн, колун карабай, өзүбүздүн чөнтөктө дайыма акча болуш үчүн өлкөнү өнүктүрө турган президентти шайлашыбыз керек. Баарыңыздар эле билесиздер, Темир Сариевдин депутаттык, министрлик, премьер-министрлик кызматтарда мыкты иштегенин, эл оозуна алынганын, эл аралык абройго жеткенин. Башкасын айтпай эле коёлу, 27 жылдан бери бир депутат же министр көтөрбөгөн маселени өзү демилгелеп, Өзбекстан колдонгон 19 объектини, чоң пансионаттар менен суу сактагычтарды Кыргызстанга кайтарып берди. Биз ушундай мекенчил, ишти билген, элге күйгөн инсан Темир Сариевди колдоп алалы”, - деди полковник.



Андан кийин эл алдына чыккан Темир Сариев дүйнөдө Кыргызстандыкындай таза аба, ак карлуу тоолор менен ачык көк асман аз экенин кошумчалап, ушундай керемет жерди жердеген нарындык элге саламын айтты. “Биздин эл башынан эмнени гана өткөрбөдү? Ата-бабаларыбыз кан-жанын аябай тар жол, тайгак кечүүлөрдө тагдырын таразага коюп, бизге эгемен элди, бейиштей жерди мурас калтырып кетти. Биз ошол мурасты ыйык сактап, элдин биримдигин бир туунун алдына уютуп, жерибизди кемитпей, келечек муунга ушул көз карандысыз өлкөнү калтырып кетишибиз керек. Тилекке каршы, азыркы учурда айрым талапкерлер өз кызыкчылыктарын элдин, өлкөнүн кызыкчылыгынан жогору коюп жатышат. “Бийликке жетишим керек” деген амбицияга гана жетеленип, бийлиги бары бийлигин, акчасы бары акчасын колдонушууда. Мен болсо силерге, элге таянам. Анткени чыныгы бийликтин ээси, Кыргызстандын ээси силерсиздер. Силер гана ким президент болорун чечесиздер. Эгер мага ишеним артсаңар, алты жыл абийирим менен иштеп берем. Катуу тартипти киргизем, мыйзамдын ар бир чекитинен бери иштешин камсыздайм. Мамлекеттин жоопкерчиликтүү кызматтарга татыктуу, тажрыйбалуу, таза кадрлар гана отурат. Акчанын, тааныш-билиштин, коррупционерлердин доору менин президент болушум менен токтойт. Биз экономикабызды чыңдап жыл сайын жүздөгөн ишканаларды ачабыз, жумушчу орундарын түзөбүз, балдарыбыз кулаганы турган, эскирген мектептерде эмес заманбап, компьютерлештирилген мектептерден билим алат. Жаштарыбыз татыктуу жумушка орношуп, жаш үй-бүлөлөр мамлекеттин камкордугуна алынат. Мунун баары менин программамда жазылуу, ар бирин аткарууга реалдуу шарттар бар, мен аткарам”, - деди талапкер Темир Сариев.

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Т.А.Сариевдин PR-кызматы тарабынан даярдалды.
Дареги: Бишкек ш, пр.Манас, 40. Даярдалган күнү: 2.10.2017. Нускасы: 1 даана.
Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Т.А. Сариевдин буйругу менен шайлоо фондунан (р/с 1299007890000328) каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Б.Мусаев тарабынан төлөндү.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан