Сооронбай Жээнбеков: Жеңиштин 9 себеби

1. Атамбаевдин ишин улантуучу

Ал президент Алмазбек Атамбаевдин жолун улантууну убада кылууда, ырааттуу жана план ченемдүү өзгөрүүлөрдүн жактоочусу, ал эми баш аламандыктарга жана митингдерге чакырган жаңы “революционерлер” элдин колдоосуна ээ эмес.

2. Эл ырыскысына кол салбайт

Ал таза, коррупцияга малынбаган адам экенин далилдей алды. Оппозиция ага карата компроматты жакшы эле издеди, таптакыр таба албады.

3. Алдабайт, калп айтпайт

“Жети өлчөп, бир кескен” адам, аткарыла турган гана убадаларды берет. Шайлоочуларды көз көрүнөө алдап жаткан талапкерлердин аракети ага жакпайт. Мисалы, калп сүйлөгөндөр анын канын кайнатарын теледебатта көрсөттү.

4. Кажыбас кайраттуу

Бүт өлкөнү чарк айлана эл менен жолугушуп, алардын тапшырмаларын алып жүргөн Сооронбай Жээнбеков өзүнүн кажыбас кайратын, моюбас күч-кубатын көрсөттү. Телебатта жемин жедирбей атаандаштарына үстөмдүк кылганын жадакалса оппозициялык журналисттер да моюндоого аргасыз болушту.

5. Элди бөлүп-жарбайт, ынтымакты чыңдайт

Сооронбай Жээнбеков “ырыс алды - ынтымак” экендигин жакшы түшүнөт, ал эч бир жерде элдерди, аймактарды бири-бирине кайраштырган сөз айткан эмес.

6. Анын командасы бар

Ал азыркы өкмөт менен иштешет, анын командасы бар. Сапар Исаков жетектеген азыркы өкмөт ал түзгөн программанын жоболорун жүзөгө ашыруунун үстүндө иштеп жатат.

7. Саткын эмес

Ал 20 жылдан ашык убакыттан бери КСДП партиясынын катарында Атамбаев менен эриш-аркак иштешип келе жатат. Саясий куугунтуктардын эң кыйын кезең күндөрүндө да ал партиялаштарын саткан эмес, демек, Кыргызстанды да сатпайт.

8. Башка талапкерлерге караганда Кыргызстанды беш манжасындай билет

Ал аймактар менен көп жылдардан бери иштешип келет, премьер-министр кезинде бардыгын нечен ирет кыдырып чыккан. Кыргызстандын көйгөйлөрүн андан мыкты билген бир дагы талапкер жок.

9. Айылды көтөрүүнүн сырын билет

Айыл чарбасы – Кыргызстандын жан азыгы. Жээнбеков айылды кантип көтөрүштү, айыл чарба продукцияларынын экспортун кантип көбөйтүштү жана жүз миңдеген жаңы жумушчу орундарын кантип түзүштү жакшы билет. Ошону үчүн айылдык жашоочулар аны жактап жатышат.

Даярдоочу: ЖЧК «SUPER.KG» (СУПЕР. КЕЙ ДЖИ), Бишкек ш., Күрөңкеев к., 180.
Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер С.Ш.Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
Нускасы 1 даана. Чыгарылган датасы: 09.10.2017-ж.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан