Кара-Суу эли Өмүрбек Бабанов менен бирге алдыга жолду тандайт!

Ош облусундагы Кара-Суу шаарынын тургундары Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Өмүрбек Бабановду колдошту. Жергиликтүү тургундар эмне үчүн жогорудагы талапкерге өз добушун берүүгө даяр экендигин айтып беришти.

Совет Калышбаев, 66 жашта:

- Өмүрбек Бабанов - заманбап, дүйнө каякка жылып бара жатканын түшүнгөн адам. Баары орду менен, сүйлөгөнү, турган-турпаты дагы. 13 талапкердин ичинен эң эле татыктуусу, мен бул адамды бийлик өзгөртпөйт деп ойлойм. Кара-Суу эбак эле Өмүрбек Бабановду тандаган! Эл Бабанов менен!

Малика Рахматтулаева, 45 жашта:

- Мен чын жүрөгүмдөн Бабановдун президент болушун каалайм. Анткени ал билимдүү, жаш, туруктуу, ишенимдүү талапкер. Мыкты саясатчы деп ойлойм. Бабановдун программасын укканы келген ар бир адам өлкөнүн келечегин татыктуу адамдын колуна берип жатканын ишенимдүү айта алат. Башчы алмашса, өлкө өзгөрөт. Өмүрбек Бабанов өзүнүн жаштыгы, курчтугу менен айырмаланып турат. Болуп өткөн дебатта дагы четтен чыкпай, эмоцияга берилбей, оор басырыктуу жооп берип жатты, бизге дал ушундай башчы керек.

Раиса Момуджанова, 56 жаш:

- Мага Өмүрбек Бабановдун программасы жагат. Менин тандоом Өмүрбек Бабанов. Ал эл үчүн иштейт деп ишенем, жаш, өткөн иштери менен таанылып калды. Биз алдыга жылышыбыз керек, Өмүрбек Бабанов биздин жол, алдыга жол деп жатат, бул туура чечим. Бизге дал ушундай президент керек! Ал завод-фабрикаларды куруп, жеңилдетилген кредиттерди берет деп ишенебиз. Чынын айтайын, көйгөйлөр абдан көп, жакында эле ооруканабыз жабылды, эл тыңыраак дарыгерлерге көрүнө албай жатат, бул маселелерди чече турчу адам Бабанов. Менин тандоомо бир окуя түрткү болду. Ал дебаттар. Анда Бабанов өзүнүн принципиалдуулугун, чечкиндүүлүгүн, билимдүүлүгүн, оор басырыктуулугун, өз эли үчүн күйгөн патриоттуулугун көрсөттү. Эл Бабановду колдоп жатканы бирөөлөргө жакпай жатат окшойт, себеби жолугушууга тоскоолдуктарды жаратып жатышты. Коркутуулар бир гана агитаторлор тарабынан эмес, айыл өкмөтү жактан дагы болду. Бирок биз өз чечимибизди өзгөртпөйбүз.

Махамматжан Абдрахманов, 43 жашта:

- Бабановго өз добушумду берем, себеби мага анын кылган иштери жагат. Ал өлкөдө тынчтык, стабилдүүлүк болушун каалайт, коопсуз өлкө куруп, шаарда байкоочу камералар орнотуларын айтты. Премьер болуп кыска убакыт иштесе дагы, өз убадаларына туруктуу экенин көрсөттү. Кара пиар дагы Өмүрбек Бабанов күчтүү саясатчы экендигин далилдеп жатат. Бизге биримдик керек, кыргыз-өзбек мамилеринде туруктуулук керек. Бул Өмүрбек Бабанов менен ишке аша турчу кадам. Жалпылап айтканда, бизге эл үчүн, Кыргызстан үчүн күйгөн адам керек.

Авазбек Адылов, 73 жашта:

- Мен Өмүрбек Бабанов президент болушун каалайм. Бул киши менен Кыргызстан экономикалык жактан өнүккөн, күчтүү өлкөгө айланат. Административдик ресурс деген болот жана болуп жатат, себеби алар бийликти оңой бергиси келбейт. Бирок коркутуп-үркүтүүлөр тескеринче Бабановдун талапкерлигине кызыгуу жаратып жатат. Акыркы 10 жылда эл менен бийлик ортосундагы мамиле бир топ солгундап калды, эл Бабанов үчүн деп атат. Бирок мен мындай айтар элем, кыргызстандыктар өз келечегин өзү чечиш керек, мамлекет эмес. Менин байкоолорум боюнча элдин 60 пайызы Бабановду азыр колдоп жатат. Азыр биз регионализм, трайбализмден бир топ алыстап калдык, ал эми Өмүрбек бир топ белгилүү инсан, чыгаан саясатчы. Ал Нарынданбы, Таластанбы, Оштонбу кандай айырмасы бар? Кыргызстан азыр Бабановдой болгон саясатчыга муктаж”.

Чынар Жунусова, 34 жашта:

- Бабановду мен өз ак эмгеги, маңдай тери менен ийгиликке жетишкен адам катары сыйлайм. Ал чыныгы лидер. Өзүн оор басырыктуу, адамгерчиликтүү, эмгекчил адам катары көрсөттү. Ал депуттар, чиновниктер менен карапайым адамдардын ортосунда эч кандай айырмачылык болбойт деп айтканы жакты. Эгер бул убадасын ишке ашырса, анда Кыргызстандын тарыхында калат го дейм, мен Бабановго добуш берем жана ага ишеним артам!

Аткаруучу: ЖЧК «SUPER.KG» (СУПЕР. КЕЙ ДЖИ), Бишкек ш., Күрөңкеев к., 180.
Буйрутмачы: Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Бабанов Ө.Т. Шайлоо фондунан төлөндү, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тогузбаева Ч.Э.
Нускасы: 1, чыгарылган датасы: 10.10.17

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан