Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоо концерти өтүүдө.
Баардыгыбызга маалым болгондой, бүгүн шайлоо алдындагы үгүт иштеринин акыркы күнү, Сооронбай Жээнбеков «Бишкек Добушу» деген аталыштагы чоӊ концертте Бишкек шаарынын жашоочулары менен жолугушту.
Талапкер Жээнбековду колдоп, анын концертине катышууга Гульнара Тойгонбаева, Кайрат Примбердиев, Гүлжигит Калыков, Нурлан Насип, Гүлзада Рыскулова, Аяна Касымова жана башка белгилүү ырчылар келип, ырдап беришти.