Бишкекте 40тан ашуун жаш социал-демократтар жана "Замандаш" партиясынын мүчөлөрү "Биз таза шайлоо үчүн" акциясын уюштурушту. Алар айрым талапкерлер кеңири колдонуп жаткан тыюу салынган үгүт ыкмасы - жарандарды добуш сатууга азгырылбоого чакырышты.
Уюштуруучулар түшүндүрүшкөндөй, иш-чаранын башкы максаты - эч ким шайлоочунун тандоосуна таасир эте албастыгын, шайлоочу акча үчүн эмес, Кыргызстандын келечеги үчүн добуш берип жатканын жеткирүү болду. "Биздин акция уникалдуу "ДобушСатыпАлуугаКаршыКаражаттар деген хэштег менен өттү. Жөнөкөй калем - бул аталган каражаттардын бири. Ал шайлоо бюллетенинде өз талапкеринин ысымынын тушун белгилөө менен тандоо эркиндигинин, келечекти тандоо укугунун символу. Акциянын жүрүшүндө биз жарандарга кайрылып, бул калемде шайлоочунун чечимине таасир эте алган бардык ресурстар камтылганын түшүндүрүп жатабыз. Ошондой эле "ыплас шайлоо технологияларга" каршылык көрсөтүп, чын жүрөктөн добуш берүүгө чакырып жатабыз", - деди акциянын уюштуруучуларынын бири, активист Беназир Нурланова.
Акция Жаштар аллеясында башталып, "Ала-Тоо" аянтында аяктады. Шаардыктар жана борбор калаанын коноктору мындай демилгеге жылуу мамиле жасап, айрымдар жаш активисттердин катарына кошулушту.