Кыргыз-Казак чек арасындагы кырдаал Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунда талкууланат. Бул тууралуу экономика министри Артём Новиков бүгүн, 27-октябрда маалымат жыйынында айтты.
"Биздин ишкерлердин чек арада турган унаасындагы товардын орточо баасы 17 миң долларды түзөт. Бул жерде ишкерлер убагында жеткирип бере албаганы үчүн да кабыл алуучулардын алдында айыпка жыгылат. Учурда кезек күткөн унаалар кеминде күнүнө 100 доллар чыгымга учурап жатканын айтышууда. Биз эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү улантып жатабыз. 10-ноябрда Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун комитет жыйыны болот. Бул маселе комитет жыйынынын күн тартибине кирген", - деди министр.
Белгилей кетсек, Кыргыз-Казак чек арасындагы кырдаал 10-октябрдан бери чечилбей келе жатат.