Депутат өкмөт мүчөлөрүнөн Кыргыз-Казак чек арасындагы абалдан өлкө канча чыгым тартканын сурады

Бүгүн, 14-ноябрда парламент комитетинин жыйынында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Исхак Масалиев өкмөт мүчөлөрүнөн Кыргыз-Казак чек арасындагы абалдан өлкө канча чыгым тартканын сурады. “Кыргыз өлкөсү чек арадагы абалдан 3 миллиард 5 миллион сом чыгым тартты деген маалымат туурабы?” - деп Масалиев өкмөт мүчөлөрүнө кайрылды.

Биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов бул боюнча чыгымды эсептей турган атайын комиссия түзүлгөнүн айтты. “Комиссия биринчи жыйынын өткөрдү. Канча чыгым кеткени тууралуу азырынча белгисиз. Так канча каражат кеткенин айта албайбыз. Эгерде чек арада азыркыдай абал улана берсе өлкөнүн ички дүң продукциясы 0,3 пайызга төмөндөп кетиши мүмкүн”, - деди Абдыгулов.

Масалиев өкмөт бир айдан бери чыгымдарды эсептей албай жатканына нааразы болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан