Кыргыз-Казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү жайы жабылат

Ысык-Көл облусундагы "Каркыра - унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү пункту убактылуу жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Каркыра - унаа жолу" күз-кыш мезгилине карата 31-октябрь күнү саат 18:00дөн тартып жөө жүргүнчүлөр жана унаа каттамдары үчүн убактылуу жабылат. Жабылган жол жаз айында сууга түшүү сезонуна жакын май айында ачылмакчы.

Айта кетсек, аталган көзөмөл-өткөрүү пункту Ысык-Көл облусунун Түп районунда Кыргыз-Казак чек арасында жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Shekeev969798
2017-10-28 12:09:56
кайран элбиз да шордуу элбизда
+7
Artur555
2017-10-28 12:35:10
Ысык Колдогу каркыра кыргыз казак откоруу пункту башка откон жылдары жабылбаган, эми быйыл жабылабы? Андан кору ачыгын эле айтпайсынарбы Ашанын сасык созунон улам казактар жабышты деп. АЖО кетсе жон кетпейби, элге зыянын тийгизбей. Ал эми Ак Тилек откоруу пунктунда 500 дон кем эмес жук ташуучу унаалар турат алды 15 кундон бери.
+7
Tima0304
2017-10-28 12:36:33
бир адамдын айынан карапаыйм эл кор болуп атат
+11
bekov01
2017-10-28 12:54:02
Алар колго тушоордо еле ачышабы ошондо. Биздин бийлик долдуроп ман болуп калдыго
+7
aibars
2017-10-28 13:05:40
Колго дагы киргизбеш керек. Сууну сасытып кетишет. Алар келбесе дагы Аллах буйруган ырыскы турган чыгаар. Намыстуу болгулачы Кыргыз элим. Сезон учурунда биз дагы жаап салалы.
+10
abusait
2017-10-28 13:22:40
Озунун шестеркаларына генерал майор бериптир. Таптакыр туура эмес бул иштери менимче.((
+9
ainur78007
2017-10-28 15:19:05
abusait,туура айтасын.Корунгонго эмгек синиргенди бергендей,генерал майорду да онго солго бере баштаптырго.Наамдын баркы кетти
+2
shankol88
2017-10-28 13:30:09
Кечиресиңер башка темада талкуу жабык болгон үчүн жаздым...Эки жегичке наам бергиче чек араларды карабайбы Сүйүктүү атаңар
+10
zahira
2017-10-28 14:40:08
Таластагы чегарада абал кандай экен ким билет, грузовойлорду откозуп жатабы айтып койгулачы
0
suiush90
2017-10-28 16:26:14
Ажо кетсе жон кетбейби элге азапты таштап кетбей.мамлекеттерди айылчылашты жакшы билет.ушуга окшогон маселелерди чечип койбойбу президенттей болуп
0
Nasichat
2017-10-28 16:45:59
Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети.
+4
Aikoo2014
2017-10-28 19:04:34
Nasichat,

Эн жакшы соз болуптур. Ошол жамандын кесепетин эл тартмак болду.
+1
RaHat19
2017-10-28 21:44:36
каркыра постту жылда эле жабылат.Себеби бул жакта кыш эрте келип кар ото коп жаайт.Мен 22 октябрда оттум.казактар эч деле катуу текшербей эле откозду.кайра 25 октябрда оттук.Биз калпак кийип жургонду коруп кыргыздын президенти биздин ХХХХ туура айтты деп батасын берип жатышты.Бизде эркин жашоо туугандар
+3
Nazaralikarakulja
2017-10-30 02:41:38
Бир Аллах дан коркуш керек ички саясатка киришкенге акысы жок ошон учун Шеф жини келип суйлоду намыс керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан