Бүгүн, 15-ноябрга карата Кыргыз-Казак чек арасында жалпы 540 оор жүк ташуучу унаа кезекте турат. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн өкүлү Салкын Абдыкариева билдирди.
"Учурда "Ак-Тилекте" 350, "Чоң-Капкада" 190 оор жүк ташуучу унаа Казакстандын аймагына өтүш үчүн кезекте турат. Ал эми "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү жайында адамдардын жана унаалардын тыгыны жок", - деди Абдыкариева.
Айта кетсек, Кыргыз-Казак чек арасында жалпысынан 8 көзөмөл-өткөрүү жайы бар. Анын ичинен "Ак-Жол", "Чалдыбар", "Ак-Тилек" жана "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрүү жайлары эл аралык мааниге ээ.