Бүгүн, 10-ноябрда Кыргыз-Казак чек арасында 300гө жакын оор жүк ташуучу унаа кезекте турат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн өкүлү Салкын Абдыкариева билдирди.
"Учурда "Ак-Тилекте" 160, "Чоң-Капкада" 130дан ашык оор жүк ташуучу унаа Казакстандын аймагына өтүш үчүн кезекте турат. Ал эми "Ак-Жол" жана "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрүү жайларында унаалардын жана адамдардын кезеги жок", - деди Абдыкариева.
Айта кетсек, Кыргыз-Казак чек арасында жалпысынан 8 көзөмөл өткөрүү жайы бар. Анын ичинен "Ак-Жол", "Чалдыбар", "Ак-Тилек" жана "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрүү жайлары эл аралык мааниге ээ.