1-ноябрдан баштап коңшу Казакстандан көмүр келе баштады. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдыктар боюнча маалымат берип жатып билдирди.
"Бүгүнкү күндө Бишкектеги Жылуулук электр борборунда 257 миң тонна көмүр жана 4800 тонна мазут бар. Мындай көлөм эки айга жетиштүү. Казакстандан көмүрдүн келишинде маселе жаралгандан баштап, өкмөт жергиликтүү ишкерлер менен сүйлөшкөн. Бүгүн ишкерлер 500 миң тоннадан ашык көмүр казып берүүгө даяр. Казакстандан кечээ түндө 6 вагон, бүгүн 9 вагон көмүр келди, жуманын аягына чейин 25 вагон келери күтүлүүдө. Ноябрь ичи казак тараптан жалпысынан 100 миң тонна көмүр келери күтүлүүдө", - деди Зилалиев.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз өкмөтү чек ара маселесиндеги кырдаалга байланыштуу Казакстандан көмүр келбей жатканын айткан болчу.