Депутат Эргешов Кыргыз-Казак чек арасынан жабыркаган дыйкандарга жардам берилиши керектигин айтты

"Кыргызстан" фракциясынан депутат Алмазбек Эргешов Кыргыз-Казак чек арасынан жабыркаган дыйкандарга жардам берилиши керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Кыргыз-Казак чек ара маселеси чечилди деген маалыматты угуп сүйүнүп жатабыз. Дыйкандардын продукциялары агып кетти. Ысык-Көл менен Баткендин өрүгү, Чүйдүн кулпунайы, Ат-Башынын картошкасы сатылбай туруп калып дыйкандар кыйналды. Ишкерлерге жардам берилет деп айтылган. Дыйкандардын насыясын төлөгөнгө ким жардам берет? Мындай көйгөйдөн улам ЕАЭБди, коңшу өлкөлөрдү карап отуруп калбоону түшүндүк. Кытай менен жалпы чек арабыз бар. Ошондой эле Индия, Пакистан менен иштешибиз керек. Экономика министрлиги жана Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министрлиги алар менен сүйлөшүү жүргүзүшү керек. Аталган өлкөлөрдө өткөн жарманкелерге катышуу зарыл", - деди Эргешов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан