"Сүт сатып алуучу фирмалар Кыргыз-Казак чек арасындагы абалды шылтоолоп сүттү арзан алууда", - деп бүгүн, 16-ноябрда парламент жыйынында "Бир Бол" фракциясынан депутат Улугбек Ормонов билдирди.
Ал билдиргендей, фирмалар дыйкандардан сүттүн литрин 5-6 сомдон алып жатышат.
"Чүй облусундагы карапайым элден сүт сатып алуучу фирмалар Кыргыз-Казак чек арасындагы абалды шылтоолоп сүттүн баасын кескин түшүрүп жиберген. Ушул маселеге өкмөт көңүл буруп, чара көрүүсү керек. Анткени алар Кыргыз мамлекетинин фирмасы", - деди ал.