Казакстанга өтүү үчүн чек арада кезек күткөн фуралардын саны 600дөн ашты

Казакстанга жүк алып өтүү үчүн Кыргыз-Казак чек арасында кезекте турган фуралардын саны өсүүдө. Мамлекеттик чек ара кызматынан коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн өкүлү Салкын Абдыкариеванын 22-ноябрда SUPER.KG'ге билдиришинче, учурда "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайында 427 фура, "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрүү жайында 185 фура кезекте турат.

"Ал эми "Ак-Жол", "Чалдыбар" өткөрмө жайларында элдин жана жеңил унаалардын өтүүсүндө тоскоолдуктар байкалган жок", - деди Абдыкариева.

20-ноябрь күнү ушул сааттарга алынган маалыматтар боюнча "Ак-Тилек" өткөрмө жайында 380, "Чоң-Капкада" 170 оор жүк ташуучу унаа кезекте турган.

Кыргыз-Казак чек арасындагы тоскоолдуктар 10-октябрда жаралып, ошол күндөн бери бир канча оор жүк ташуучу унаалар жүк алып өтө албай кезекте турган. Бирок 6-ноябрда кезек күткөн фуралардын саны 65ке түшкөн.

Өкмөт башчы Сапар Исаков 18-октябрда Астанага барып эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин жүргүнчүлөргө жол ачылып, бирок жүк алып өтүү маселеси чечилген эмес. Ереван шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңештин алкагында маселени чечүү үчүн иштелип чыккан жол картага кол коюлмак. Бирок Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев кол коюудан баш тартып койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан