Кыргыз-Казак чек арасында оор жүк ташыган унаалардын тыгыны өзгөрүүсүз абалда турат. Учурда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы "Ак-Тилек" өткөрмө пунктунда 300дөй, Талас облусундагы "Чоң-Капка" өткөрмө пунктунда 100дөн ашык фура Казакстанга өтүү үчүн кезекте турат. Бул тууралуу 14-ноябрда SUPER.KG'ге Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн өкүлү Салкын Абдыкариева билдирди.
"Ак-Жол" жана "Чалдыбар" өткөрмө пунктунда элдин тыгыны жок. Бирок "Ак-Жол" пунктунда 50гө жакын жеңил унаалар кезекте турат. Ал эми "Ак-Тилек" жана "Чоң-Капка" пункттарынан саатына алтыдан унаа өтүп жатат", - деди Абдыкариева.
Кыргыз-Казак чек арасындагы тоскоолдуктар 10-октябрда жаралып, ошол күндөн бери бир канча оор жүк ташуучу унаалар жүк алып өтө албай кезекте турган. Бирок 6-ноябрда кезек күткөн фуралардын саны 65ке түшкөн.
Өкмөт башчы Сапар Исаков 18-октябрда Астанага барып эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин жүргүнчүлөргө жол ачылып, бирок жүк алып өтүү маселеси чечилген эмес. Ереван шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңештин алкагында маселени чечүү үчүн иштелип чыккан жол картага кол коюлмак. Бирок Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев кол коюудан баш тартып койгон.