Кыргыз-Казак чек арасынан өтө албаган 60ка жакын жүк ташуучу унаа чек ара бекетине жакын жерде токтоп турат

Кыргыз-Казак чек арасынан өтө албаган 60ка жакын жүк ташуучу унаа "Ак-Жол" чек ара бекетине жакын жерде токтоп турат. Кербендин узундугу дээрлик 3 чакырымга чейин жетет.

Айта кетсек, Кыргыз-Казак чек арасындагы тоскоолдуктар 10-октябрда жаралып, ошол күндөн бери бир канча оор жүк ташуучу унаалар жүк алып өтө албай кезекте турат. Өкмөт башчы Сапар Исаков 18-октябрда Астанага барып эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин жүргүнчүлөргө жол ачылып, бирок жүк алып өтүү маселеси чечилген эмес. Кечээ Ереван шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңештин алкагында маселени чечүү үчүн иштелип чыккан жол картага кол коюлмак. Бирок Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев кол коюудан баш тартып койгон.

Чек аранын жабылышы өзгөчө ишкерлерди тынчсыздандырууда. Алар маалымат жыйын өткөрүп соода токтоп калганын, мындан улам ишкерлер чыгашага учураганын билдиришкен.

Ал эми Чакан ГЭС ассоциациясынын президенти Элвира Бөкөнбаева Кыргыз-Казак чек арасындагы "Кордай" көзөмөл пунктунан өткөн оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары кошумча текшерүүгө алынып жатышканын айткан.

Кыргыз-Казак чек арасында токтоп турган жүк ташуучу унаалар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bolunbo.kyrgyz
2017-10-31 10:53:39
Эми болду кылбайсынарбы казактар ото катуу кеттинерго
0
Aitosh93.kg
2017-10-31 16:42:31
Кайдагы 60 видиодон санаганым эле 60 болду видиого тушпой калганы канча не ушунтип эле алдай бересинер бери эле жагы 300 машина турат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан