Бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Кыргыз-Казак чек арасындагы абал тууралуу өкмөт маалымат берүүдө. Бул маселени кароону КСДП фракциясынан депутат Улан Примов сунуштап, эл өкүлдөрү бул маалыматты жабык эшик артында карап жатышат.
Белгилей кетсек, бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында бул маселени күн тартибине киргизүү сунушталып, депутаттардын көбү аны колдогон.