Азыркы учурда Кыргыз-Казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайында 50гө жакын оор жүк ташуучу унаалар турат. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда SUPER.KG порталына Мамлекеттик чек ара кызматынан коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн өкүлү Салкын Абдыкариева билдирди.
Анын айтымында, калган чек ара көзөмөл-өткөрүү жайларында тыгындар жок. "Башка чек ара көзөмөл-өткөрүү жайларында оор жүк ташуучу унаалар эркин өтүп жатышат. 3-декабрдан тарта чек аралар кадимки тартипте иштеп баштады", - деди Абдыкариева.
Эске салсак, 2-декабрда Кыргыз-Казак чек арасы боюнча жол картасына кол коюлган. Жол картасы боюнча келишимге вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов жана Казакстандын өкмөт башчысынын орун басары Аскар Мамин кол койгон. 30-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Минскте Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, Кыргыз-Казак кызматташтыгы, анын ичинде чек арадагы кырдаал тууралуу талкуулашкан.
Айта кетсек, Кыргыз-Казак чек арасындагы тоскоолдуктар ушул жылдын 10-октябрында жаралып, ошол күндөн бери бир канча оор жүк ташуучу унаалар жүк алып өтө албай кезекте туруп келген.