Казакстандык эксперт: "Кыргыз-Казак кризиси декабрдан кийин жоюлушу мүмкүн"

Кыргыз-Казакстан кризиси 2017-жылдын 1-декабрынан тарта жөнгө салынышы мүмкүн экенин бүгүн, 26-октябрда Бишкекте өткөн тегерек столдо казакстандык эксперт Жаксылык Сабитов билдирди. "Кыргыз-Казак чек арасындагы кырдаал Кыргыздын жаңы президенти ишке киришкенден тарта жөнгө салынышы мүмкүн. Өлкөлөр ортосундагы түшүнбөстүктөр шайлоо алдында пайда болду", - деди эксперт.

Ал эми Кыргыздын коомдук ишмери Орозбек Молдалиев СССРдин жоюлушун "цивилизациялык ажырашуу" деп эсептебей турганын, Советтер союзу тарагандан кийин чек ара маселелери жарала баштаганын айтты.

Белгилей кетсек, Бишкекте бүгүн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгы жана андагы маселелер талкууланган тегерек стол өттү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
barakcha
2017-10-26 12:58:18
АША кеткенде дегени го.
+7
bom.bon
2017-10-26 13:17:54
Тезирээк эле кетсинчи
+5
Jazdyn_tany
2017-10-26 14:01:17
"Ыйлагысы келген бала атасынын сакалы менен ойнойт"!
Бир кишинин оозу кычышып, ойлонбой сүйлөп алганынын кесепети ушул! Эми өздөрү түзүп алган "кризисти" жоё алышпай, баштары ооруп атышат. Ошондуктан, ойлонуп сүйлөгүлөчү, АЙЛАНАЙЫН, "АТКА МИНЕРЛЕР"!!!
+5
kechirmeni
2017-10-26 14:07:11
кеткенге чейин да тынч турса экен дагы балп деп башка проблема чыгарбай
+7
KGstan1981
2017-10-26 14:58:37
Эгерде Жээнбеков озу айткандай Атамбаевтин жолун жолдоп Атамбаевтин буйругун аткарса анда Кудай сактасын Казакстан тарап чек араны ачпайт.Атамбаевтин ойлонуп ойлонбой балп этнкен создорунон карапайым эл кыйналып жатат.
+5
Jelezo
2017-10-26 15:03:41
Пионер өкмөт менин пионер Жогорку Кеңештин төрагаларын казак комсомолдор укбайт болуш керек
+1
jbolotov
2017-10-26 15:06:53
Атамбаев бийликтен кеткени Кыргыз элине кошкон чооон жардамы. Декабрда жардам берип кетип кал эми кайра Премьер министр болуп албай
+3
Samina007
2017-10-26 16:17:56
Бирок чындыгында бул казактар ХХХХ поезд ,авто,самолет,жөө деле бизден өтөт дегенсип.катыны бозуса эрин коркутат дегенсибей шарт шарт сүйлөшкүлө да эркексинго назарбаев менен атамбаев
+1
admin_superstan
2017-10-26 17:14:42
Jelezo, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. 2 күнгө БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан