Алмамбет Шыкмаматов: "Садыр Жапаровго жок дегенде жубайын киргизип коюшсун"

Бүгүн, 5-апрелде парламентте Садыр Жапаров боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу талкууланды. "Ата Мекен" фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов:

"ММКларда, интернет булактарында мурдагы депутат, абактагы Садыр Жапаровдун денеси канга боёлуп жаткан сүрөтү коомчулукта катуу дүрбөлөң жаратты. Кирип чыккан жактоочусу анын өмүрүнө коркунуч бар деп айтып жатат. Жубайы мени киргизбей жатышат деп айтууда. Жапаровдун өзүмө кол салдым дегенине эч ким ишенбей жатат. Депутаттар, коомдо болуп жаткан ар бир көйгөйгө реакция кылышыбыз керек. Чыныбай Акунович, өзүңүздүн укугуңуздан пайдаланып, ар бир фракциядан бирден депутат, акыйкатчыны кошуп кирип чыгалы. Ошондо бул маселеге чекит коюлат. Болбосо Жаза аткаруу кызматына тапшырма бериңиз же жетекчисин чакырып маалымат угалы. Бул дүрбөлөңдү жөнгө салалы. Эгерде биз жок, болбойт десек, шектенүүнү жаратабыз. Ошондуктан бул маселени туура түшүнүү менен кабыл алып, 30 пайыз Садыр Жапаровдун кесиптештери отурасыңар. Спикер катары ушул маселени чечип берсеңиз. Жок дегенде жубайын киргизишсин", - деп Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго кайрылды.

Чыныбай Турсунбеков коомдогу бардык эл арасында сөз болуп жаткан маселе боюнча реакция кылып келе жатканын айтты.

"Мыйзам чегинде аракеттерибизди кылып жатабыз. Бул маселе боюнча кечээ фракциянын лидерлери менен жолугуп, сүйлөштүк. Мындан тышкары тиешелүү комитеттин төрагасы Мирлан Жээнчороевге тапшырма бергем. Жаза аткаруу кызматынын жетекчисин чакырыппы же барыппы бизге ошол боюнча эртеңки күндө суроо калбагыдай кылып маалымат беришет", - деди спикер.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан