Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду соттогон Жаңыл Мамбеталынын талапкерлигин Жогорку Соттун судьялыгына жактырды

Жогорку Кеңеш Жогорку Соттун судьялыгына Жаңыл Мамбеталынын талапкерлигин жактырды. Добуш берүү жабык электрондук добуш берүү менен өттү.

Жаңыл Мамбеталынын талапкерлигине парламенттин 85 депутат "макул" деп жооп берсе, 15 депутат "каршы" добуш берген.

Буга чейин Жаңыл Мамбеталы Бишкек шаардык сотунда иштеген. Ал Садыр Жапаровдун иши боюнча чечим чыгарган.

Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Караколдогу "митингди уюштурган, ошол кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган" деп айыпталып кармалган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2017-жылы 2-августта аны "бийлик өкүлүн барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 11 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Ошол эле жылы 17-сентябрда Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.

Жаңыл Мамбеталы бул чечимди чыгарууда Ак Үйдөн көрсөтмө болбогонун, мыйзамдын негизинде гана чечим чыгарылганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан