Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаровдун иши каралууда (фото)

Бүгүн, 30-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурдагы депутат Садыр Жапаровдун соту башталды. Соттук отурумга жабырлануучу делген Эмилбек Каптагаев катышууда.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-мартында Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан УКМКнын кызматкерлери кармап кеткен. Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 26-мартта Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө Бишкектеги №1-тергөө абагына камалган. 6-апрелде Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Ал эми 24-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жапаровду камакта кармоо мөөнөтүн 28-майга чейин узарткан. Бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
shankol88
2017-06-30 14:32:38
Садыр Жапаров
0
aravan.kg
2017-06-30 14:44:31
Эй аллахым озун колдой кор Садырды,жалган жалаадан сактай кор
+4
-Dybala-
2017-06-30 14:53:13
Ал адам эркиндике чыкпаш керек чыкса Кыргызстан жок болот!
-1
-Dybala-
2017-06-30 14:58:25
Кудай буйруса жапаров саХХХ 10 жылга кесилет.
-3
bekov01
2017-06-30 15:05:31
Соттон адилет чечим кутобуз! Коммент жазып жаткан мусулман бир туугандар адилеттуу болгула. Силер дагы бир куну укугунар тепселип адилет суйлогон адамга зар болуп калышынар мумкун
+2
bekov01
2017-06-30 15:08:30
Жапаровдой патриоттор кыргызда чанда чыгат. Аллах озу колдосун Жапаров президент болот
-1
-Dybala-
2017-06-30 15:18:21
Биринчи соту бутсунчу
+1
marik10
2017-07-07 00:07:28
bekov01,патриоттор адамды барымтага алып анан чет олкого качпайт
+1
Ernisbii
2017-06-30 15:22:20
Тантыгандар жазбай эле койсо.
+2
Altyn2017
2017-06-30 15:27:57
Мыйзамды жакшы тушунгон адамга Жапаровдун эч негизсиз олтурганы тушунуктууго
+2
Janaka
2017-07-07 00:15:46
чет олкодон акчасы тугонуп келсе керек
+1
Belekus
2017-07-07 00:20:20
Janaka,бакиев бербей койдуда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан