Садыр Жапаровдун атасынын сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда SUPER.KG'ге жактоочу Шарабидин Токтосунов билдирди.
"Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына жүздөгөн адамдар катышты. Алардын арасында Садыр Жапаровдун жакын санаалаштары, тарапташтары жана айылдаштары болушту. Маркумдун жаназасы окулуп, өзү туулуп-өскөн Түп районунун Кең-Суу айылында жерге берилди", - деп билдирди Токтосунов.
Айта кетсек, Садыр Жапаровго атасынын сөөгүн жерге берүү зыйнатына катышууга уруксат берилген эмес.
Эскерте кетсек, Садыр Жапаровдун атасы Нургожо Жапаров 20-сентябрда 84 жашында көз жумган.