Канатбек Исаев Москвада Өмүрбек Бабанов менен жолугуп, эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн айтып берди

"Москвада Өмүрбек Бабанов менен жолугуп, саясаттан тышкары башка жеке маселелер боюнча сүйлөштүк" деп SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев билдирди.

"Москвага башка жумуштарым менен баргам. Бабанов өзү чалып калды. Ал мекенине келе албай жатканынан өзүм ага барып жолуктум, анткени мурда бир партияда элек, президенттик шайлоодо да чогуу болгонбуз. Саясаттан тышкары башка маселелер боюнча сүйлөштүк", - деди Исаев.

Ошондой эле депутат экс-президент Алмазбек Атамбаевдин байыганы боюнча Орусиядан жана Түркиядан жооптор келе баштаганын айтты. "Буюрса, мен айткандай эле болот. Атамбаев мактангандай эмес" деди Исаев.

Буга чейин 26-июнда Канатбек Исаев: "Атамбаевдин "китептерди сатуудан байыдым" деп айтканы калп. Эгер ал президенттикке чейин мультимиллионер болгондо, Кой-Таштагы хан сарайын мурда эле салмак. Ошондой эле парламенттик, президенттик шайлоодо кесиптештерибизден карызга акча сурабайт эле", - деген.

Алмазбек Атамбаев 1989-жылдан баштап 2005-жылдын сентябрына чейин бизнес менен алектенип байыганын айткан. "Эми мен убагында өзүмдүн эмгегим менен байыгам. Бишкектеги бир нече чоң заводдор меники болчу. Майда-чүйдө ишканаларды айтпай эле коёюн. Ресторандан баштап чач-тарачка чейин бар болчу. Чет элде да ишканаларым бар эле", - деген экс-президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан