Бүгүн, 9-августта мурдагы депутат Өмүрбек Бабанов өлкөгө келет. Бул тууралуу саясатчынын өкүлү Мурат Соорбековго байланышканыбызда SUPER.KG'ге маалымдады.
Маалыматка ылайык, Бабанов Бишкекке саат 14:40та конот. Учурда ал Москвадагы Шереметьево аэропортунда.
Кечээ, 8-августта Бабанов өлкөгө кайтуу ниетин билдирген. Көп өтпөй УКМК "Бабанов келсе мыйзам чегинде жоопко тартылат" деп билдирүү тараткан.