Теңизбек Абжапаров өзүнүн жазган арызынын негизинде Мамлекеттик салык кызматынын төрагалыгынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Теңизбек Абжапаров 2018-жылдын май айынан тарта мамлекеттик салык кызматынын башчысы катары иштеп келген эле.
Ал 1970-жылдын 9-январында Ош облусунун Өзгөн районунда туулган. 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин "Бухгалтердик эсеп, көзөмөл жана чарбалык ишмердүүлүккө анализ" адистигин аяктаган.
Ишмердүүлүгү:
1995-2002-жылдары Финансы министрлигинде башкы адис кызматынан бөлүм башчылыкка чейин жеткен;
2002-2009-жылдары Социалдык фонддун бир нече кызматында эмгектенген;
2009-2013-жылдары социалдык фонддун төрагасынын орун басары;
2013-2016-жылдары аталган фонддун төрагасынын биринчи орун басары;
2016-2018-жылдары социалдык фонддун төрагасы.