Катарга элчи болуп дайындалган Чыңгыз Эшимбековдун өмүр баяны

Тектеш кабарлар: 2019-жыл ичиндеги кадрдык өзгөрүүлөр (95 материал)

17-сентябрь күнү президент Сооронбай Жээнбеков Катар өлкөсүнө Чыңгыз Эшимбековду элчи кылып дайындады. Бул тууралуу президенттик апараттын маалымат кызматынан билдиришкен.

Эшимбеков буга чейин Бириккен Араб Эмираттарында элчинин милдетин аткарып келген.

Эшимбеков Чыңгыз Казыбаевич 1971-жылы 3-октябрда туулган. 1994-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых факультетин аяктаган. 2000-жылы ошол эле университеттин Башкаруу факультетин бүткөн. Эмгек жолун 1995-жылы Тышкы иштер министрлигинин протоколдор Департаментинде секретарь болуп иштөө менен баштаган.

Дипломатиялык ишмердиги:

2016-жыл, 15-февраль - Бириккен Араб Эмираттарындагы Кыргыз өлкөсүнөн дайындалган алгачкы элчи,

2015-жыл, 8-декабрь - Кыргыз Республикасынын президентинин указы менен Кыргыз мамлекетинин Бириккен араб өлкөлөрүндөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси,

2013-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигиндеги ички саясатты анализдөө, пландоо жана координациялоо боюнча департаменттин директору,

2013-2014-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин секретариатынын жетекчиси,

2010-2011-жылы Түштүк Корея, Сеулдагы Кыргыздын элчилигиндеги убактылуу ишенимдүү өкүл,

2008-2010-жылы Кыргыз Республикасынын элчилигинин Түштүк Корея, Сеулдагы кеңешчиси,

2006-2007-жылы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Пакистандагы кеңешчиси

2006-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөр боюнча департаментинин орун басары,

2003-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөр боюнча департаментинин кеңешчиси, биринчи катчы,

2000-2003-жылдары Малайзиядагы Кыргыз элчилигинин биринчи катчысы,

1998-2000-жылдары Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөрүндөгү биринчи катчысы,

1995-2000-жылдар аралыгында Тышкы иштер министрлигинин протоколдор Департаментинде биринчи секретарь, экинчи секретарь, үчүнчү секретарь, Атташе

Билген тилдери:

Кыргыз, орус, англис.

Сыйлыктары:

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ардак грамотасы (2014).

Үй-бүлөлүү, төрт баласы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан