Элдар Абакиров экономика министринин орун басары кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Абакиров 2016-жылы экономика министринин орун басары болуп дайындалган.
2015-жылкы парламенттик шайлоодо КСДП фракциясынан депутаттыкка талапкер болуп чыккан. Ал 1981-жылы 14-апрелде туулган. Жогорку билимдүү.