Экономика министри Олег Панкратов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда белгилүү болду.
Экономика министрлигинен SUPER.KG порталына билдиришкендей, эртең менен Панкратов иш ордунда болгон, андан кийин өкмөткө кеңешмеге кеткенден бери кайтып келе элек.
Өкмөттөн SUPER.KG'ге тастыкташкандай, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экономика министри Олег Панкратовду кызматынан бошотуу жөнүндө сунуш киргизди.
Ошондой эле бүгүн айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды.
Олег Панкратов 1969-жылы 1-январда Жалал-Абад шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1992-жылы Педагогикалык институтту “физика, информатика жана эсептөө техникасы” адистиги боюнча аяктаган. Ал эми 2002-жылы Кыргыз улуттук университетинин “юриспруденция” бөлүмүнөн билим алган.
Эмгек жолу:
1999-2006-жылдары “Ишкерлер союзу” коомдук бирикмесинин төрагасы;
2006-2010-жылдары “БизнесПравоИнфо” ишканасынын директору;
2010-2013-жылдары экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
2013-2015-жылдары өкмөт башчысынын кеңешчиси, ЕАЭБ жана Бажы биримдиги боюнча адис;
2015-жылдын май айынан ноябрь айына чейин экономика министри, вице-премьер-министр;
2018-жылдын 20-апрелинен тарта экономика министри.