Сауд Арабиясындагы алдыңкы университетте докторантурада окуган Дөөлөс Айбек уулу: "Айына эки жарым миң доллар стипендия алам"

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)

“Билим кайда болсо, бийиктик ошол жакта” деп ойчул Жусуп Баласагын айткандай, каарманым Дөөлөс Айбек уулу билимдин арты менен алыскы Сауд Арабиясында жүрөт. Ал Ат-Башынын Казыбек айылында туулуп-өскөн. Учурда Падыша Абдуллах атындагы илим жана билим технологиялык университетинде докторантурада окуп жатат. Ар дайым билим алуудан, эмгектенүүдөн жана алдыга чоң максаттарды коюудан жалтанбашыбыз керек деген каарманым өзү окуган окуу жай, ага тапшыруунун жол-жоболорун SUPER.KG порталына айтып, маңыздуу маек курду.

- Дөөлөс, Сауд Арабиясына билим алганы кантип барып калдыңыз?

- Мен Сауд Арабиясына барганга чейин 6 жарым жыл Түркиянын Анкара шаарындагы ODTÜ (Жакынкы Чыгыш Техникалык университети) окуу жайында физика тармагында бакалаврды окудум. Андан соң бир жарым жыл Bilkent (Билкент) деген университетте магистратурамды уланттым. Университетти бүтүп жатканда эки тандоо болот: биринчиси окуу жайды бүткөндөн кийин окууңду андан ары улантуу же иштеп кетүү. Мен биринчисин тандап, окуумду улантууну туура көрдүм. Чет өлкөлөрдөгү окуу жайларда докторантурага тапшырып, окууну улантуу менен стипендия алса болот. Ушундай ойлор менен жүргөн учурумда Сауд Арабиясындагы ушул университетке тагдырым туш келип калды. Бул университет KAUST деп аталат. Англисче King Abdullah University of Science and Technology (KAUST), ал эми кыргызчасы Падыша Абдуллах атындагы илим жана билим технологиялык университети. KAUST университетине менин бир таанышым сынак мөөнөткө келип кеткен. Мен ошол таанышым аркылуу бул окуу жайга тапшырып калгам.

- Университеттин шарттары, техникалык базасы кандай?

- Мен окуп жаткан университет негизи 2009-жылы ачылган. Окуу жайга жалпысынан 131 өлкөдөн билим алууга жаштар келишет. Эң көп студенттердин санын Сауд Арабиясынын тургундары түзөт. Ошондой эле Кытай, Мексика, Индия, Казакстан, Бразилия, Уругвай, АКШ, Гаваиден жана Европанын ар кайсы булуң-бурчунан келген студенттер да бар. Айта кетсем бул жакта бакалавр жок, университет илим изилдөө үчүн курулган. Окуу жайда магистратура, докторантура жана магистрликтен кийинки окууну уланта турган шарттар түзүлгөн. Ар бир студентке өзүнүн стипендиясы бар. Магистратурага өзүнчө, докторантурага өзүнчө стипендия каралган. Мисалы, өзүмдү эле ала турган болсом Кыргыз жергесине барып келгеним үчүн билет алып беришет жана бул жактан үй менен камсыздайт. Ошондуктан менде үй издеш керек деген көйгөй болгон жок (күлүп). Окуу жайда абдан жакшы шарттар түзүлгөн. Университеттин техникалык базасы дагы эң мыкты. Мисалы, дүйнөдөгү эң жакшы сапаттагы тетиктер ар бир профессордун лабораториясында орнотулган. Бул албетте, университетти алдыга чыгара ала турган бирден бир артыкчылык болуп эсептелинет. KAUST (КАУСТ) университети Кызыл деңиздин жээгинде жайгашкан. Деңизде окуу жайдын студенттери үчүн атайын өзүнүн пляжы бар. Ал жакка дайыма барып турса болот. Окуу жайдын ичинде машыгуу залдары, бассейндер, футбол талаасы, гольф аянтчасы курулган. Чынында бул жакта студенттер үчүн бардык шарттарды түзүп беришкен.

- Сиз билим алып жаткан окуу жайында канча Кыргыз жараны билим алат?

- Мен окуп жаткан окуу жайда 3 кыргыз студенти бар. Негизинен буга окшогон программалар ар бир окуу жайдын программаларында кездешет. Мисалы АКШ, Сингапур, Япония сыяктуу жерлерде университеттердин өздөрүнүн программалары болот. Эгер докторантурага тапшырсаң алар өздөрү стипендия беришет. Окуумду улантып, докторантурага тапшырам дегендер болсо Кыргыз жергесинен деле тапшырып, окууга өтүп кетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Эң жакшысы стипендия берилет. Мен 2 миң 500 доллар стипендия алам.

- Кыргыз өлкөсүнүн жарандары KAUST университетине тапшыруу үчүн эмнеге көңүл бурушу керек?

- Негизи бул жакка жылына ар кайсы өлкөлөрдөн көптөгөн студенттер магистратурага окуш үчүн документ тапшырышат. Албетте, бул жакка келүүдөн мурун ал студенттин бакалаврды аяктады деген диплому болушу керек. Анткени окууга кабыл алынып жатканда бакалаврдагы баалар каралат. Эгер ошол баалар жакшы болсо, окуу жайга өткөнгө чоң жол ачылат. Мындан сырткары TOEFL жана IELTS деген сынактар бар. Бул экөөнүн бирөөсүн эле тандап тапшырса болот. Аталган сынак англис тили боюнча сынак. Анткени бул жакта окутуу англис тилинде жүргүзүлөт. Экинчи маанилүү нерсе - бул жакка тапшыруунун эң артыкчылыктуу жагы профессор менен таанышуу. Докторантурага тапшырып жатканда сени университет эмес, профессор алды деп эсептелинет. Анткени ал жакта профессор менен иштешип, аны менен практика кыласың. Профессордон тема алып, кайсы тармакта, кандай изилдөө кыла турганыңды жетекчиң менен сүйлөшүшүң керек. Ошондуктан эң маанилүү нерселердин бири профессорду тандап, сүйлөшүү. Эгер бул окуу жайына тапшырам деген Кыргыз жарандары болсо мага кайрылышса болот. Мен кеп-кеңештеримди айтып, багыт көрсөтүп жардам бере алам. Дагы айта кетүүчү нерсе, аталган окуу жайга бир эле докторантура жана магистратура үчүн эмес сынак мөөнөткө дагы келсе болот. Үч айлык, алты айлык сынак мөөнөттөр (стажировкалар) бар. Менимче бул ыкма дагы Кыргыз жарандары үчүн жакшы жол болуп берет.

- Учурда докторантурада билим алып жатыпсыз, мындан аркы келечек пландарыңыз кандай?

- Докторантурада окуп жаткан студенттердин көбү илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт. Профессордун ар кандай долбоорлору бар. Ошол долбоордун үстүнөн иштейт. Ал жактан илимий изилдөө аркылуу кандайдыр бир жыйынтыктарга жетишет жана ал аркылуу илимий макала жаза алат. Дүйнөлүк конференцияларга катышып, өзүнүн кылып жаткан долбоорун сунуштап, элге таанытууга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Ошондуктан, мен өзүмдүн алып жаткан билимимди бышыктап, илимий ачылыштарды жасоону көздөп жатам. Ал үчүн дагы көбүрөөк үйрөнүп, өздөштүрүшүм керек. Андан кийин мекениме барып, ак эмгек менен алган билимимди жаш муундарга жеткирсем дейм. Буюрса бул тилектерим жакынкы жылдары ишке ашат.

- Жаштарды шыктандыруучу ой-пикирлериңиз менен бөлүшө кетсеңиз...

- Орустардын “Кылым жашап, кылым бою билим ал” деген жакшы сөзү бар. Биз канча жашта болсок дагы, канчалык билимдүү болбойлу дайыма жаңы нерселерди үйрөнүүгө умтулуп турушубуз керек. Ал нерсеге биздин дене дагы, акыл-эс дагы муктаж. Анткени дүйнөдө өзгөрүүлөр көп болуп, күндө жаңы нерселер чыгып жатат. Ошондуктан окуш керек, окууга эч качан кеч эмес! Билим куржунду толтуруу маанилүү. Биз алдыбызга бийик-бийик максаттарды коюушубуз керек. Канчалык бийик максат койсоң, ошончолук ага жетүүгө тырышып, эмгектенесиң. Албетте, жашоодо чоң тоскоолдуктар болот. Ал тоскоолдуктарга сынып калбай, алдыга карай умтула берсек, жеңиш биз тарапта болот.

- Ата-энеңиз тууралуу учкай кеп сала кетсеңиз.

- Ата-энем учурда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Казыбек айылында жашашат. Үч карындашым бар. Ата-энеме ыраазычылык билдирип кетет элем. Анткени алар мени ар дайым колдоп турушту. Ата-эне колдобосо балдар максаттарына жете албайт. Ошондуктан менин Сауд Арабиясында окуп, билим алуума алардын таасири эбегейсиз чоң болду. Башында мени лицейде окутушту. Албетте, ата-эне өз баласын жанынан алыс чыгаргысы келбейт. Бирок, ата-энем мени алыс жактарга окууга жиберип турушту. Мектеп босогосун аттарымда апам талыкпай олтуруп тамгаларды окутуп, жадыбалды жаттатканын такай эстеп жүрөм. Ата-энем дайыма сабактан кийин мага көңүл бөлүп, алган бааларымды көзөмөлдөп турушчу. Жакшы баа алсам ата-энем абдан кубанчу, алардын кубанганын көрүп менде да шыктануу пайда болчу. Ошондуктан ата-эне менен баланын ортосунда сөзсүз байланыш болуш керек. Ал байланыш баланын кийинки жашоосунун пайдубалынын курулушуна негиз болуп берет.


кошулду
“Бул жакта окууну каалагандарга жол көрсөтө алам” дейт Сауд Арабиянын алдыңкы окуу жайында окуган Дөөлөс Айбек уулу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
rysik79
2019-08-21 22:37:50
Наарында кой бакканча арабтардын акчасын жей бер дос.
-2
Aynura87
2019-08-22 10:14:28
rysik79,Ушунча жазылгандарды окуп оюнда акча эле калдыбы? Бул сенин билим денгээлин демек.
+13
Aynura87
2019-08-22 10:12:54
Азаматсын! Ийгилик. Сендей илимдуу кыз-балдар кобойо берсин. Олкобузду онуктургуло.
+2
Aynura87
2019-08-22 10:15:45
Сени тарбиялап туура жол корсоткон ата энене ыраазычылык билдирем.
+9
Tolkun555
2019-08-22 16:34:21
Билимди колдогон мамлекетте онугуу болот
+2
bahabaike
2019-08-22 19:58:57
Омур боюу окуй бер
0
maralum93
2019-08-22 20:13:43
өзүмчө эле сүйүнүп алдым .... бизда өсөбүз өнөбүз деп...ушундай илим билимдүү атуулдар турса деп
+4
Nevestkaa
2019-08-22 23:09:05
Билимдүү адам баары бир башка да сүйлөгөнү да маанилүү экен.Менин балдарым да сиздей билимдүү илимдүү уул кыздардан болсо экен деп кудайдан тилейм.Тээ Америка,Арабияда окубаса да өзүбүздөн окуса да аябай кубанмакмын.
+4
zheko
2019-08-23 00:03:21
Кыргызстанга келсе жумуш табабы , пара бербесе ишке Кире албайт го ?
+3
Elit
2019-08-23 06:40:59
Доолос азаматсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан