Илим издеген түгөйлөр: "Азыркы заманда четте билим алуу үчүн бай болуштун кереги жок" (маек)

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)

Терең билим алуу менен гана учурда мыкты адиси болуу мүмкүн. Ал үчүн дүйнө кезип, билим жолунда жүргөн таланттуу, максаттуу кыргыз жаштарынын саны күн санап өсүүдө.

Бул жолку каармандарыбыз башкалардан өзгөчө десек жаңылышпайбыз. Себеп алар чет өлкөдө билим алуу менен бирге, үй-бүлөлүк жашоону, бала тарбиялоону бирге алып, магистрдик диссертацияларын ийгиликтүү жактап, учурда мекенине кайтып келишкен. SUPER.KG порталы дал ушул илим издеген түгөйлөр Мырзахит Мырзаев жана жубайы Айзирек Темирбекова менен маек курду.

- Саламатсыздарбы, алгач эле сиздерди Түркияда магистрдик диссертацияңыздарды ийгиликтүү жактап алышыңыздар менен куттуктайбыз! Өзүңүздөр тууралуу маалымат айта кетсеңиздер.

Мырзахит Мырзаев: - Саламатчылык, рахмат. Мен Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Ынтымак айылында төрөлүп, ушул айылда балалыгым өттү. Орто мектепти да Ынтымак айылынан окуп баштадым. Кийин 8-классты бүткөндөн кийин Ош шаарындагы Уркуя Салиева атындагы таланттуу балдардын лицей-интернатында окуп баштадым. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын кичүүсүмүн. Ата-энем айылда дыйканчылык менен алектенген карапайым инсандар.

Айзирек Темирбекова: - Мен Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Авлетим айылында төрөлүп өскөм. Орто мектепти ушул айылда окуп бүтүрдүм. Үй-бүлөдө жалгыз кызмын, беш бир туугандын кичүүсүмүн. Ата-энем мугалимдер.

- Кыргыз өлкөсүндө кайсы жогорку окуу жайын аяктадыңыздар? Ошондой эле элибизде кесип тандоодо жаңылбоо керек деген жакшы сөз бар эмеспи. Сиздер кесип тандап жатып, кандай ойлор менен тандап алдыңыздар эле?

Мырзахит Мырзаев: - Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында окудум. Кесибим мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты боюнча менеджер адистиги.

Уркуя Салиева лицейинде окуп жүргөндө окуудан тышкаркы убакта мектептин коомдук жана уюштуруу иштерине активдүү катышар элем. 11-класска келгенде жатаканада жашаган окуучулардын президенти болуп шайланып калдым. Ошентип, жатаканада жана мектепте көптөгөн иш-чараларды демилгелеп уюштурат элек. Ошондон уламбы өзүмдү уюштуруу иштеринде көргүм келчү. Мектепти бүтүп жатканда бардык окуу жайлар боюнча маалыматым бар болчу. Бишкекке окууга тапшырганы жөнөгөндө эле Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багытында менеджер адистиги боюнча окуйм деп бир чечимге келген болчумун.

Айзирек Темирбекова: - Негизи мектепти аяктагандан кийин башка тармакка окууга тапшырууну пландагам. Кийин азыркы кесибим тууралуу маалымат алып, тамак-аш инженерлигине кызыгуум артты. Анан өзүм да бул кесип тууралуу терең изилдеп, окуп чыккан соң ушул тармакта билим алууну чечтим. Кыргыз өлкөсүндө Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде тамак-аш инженерлиги багытында билим алдым.

- Түркияда кайсы университетте жана кайсы тармакта билим алып келдиңиздер?

Мырзахит Мырзаев: - Анкара шаарындагы Гази университетинде (Gazi Üniversitesi) саясий жана социалдык илимдер бөлүмүндө окуп келдим. Айзирек экөөбүз тең Түркияга окууга "Türkiye Bursları" мамлекеттик стипендиялык программасы аркылуу барганбыз. Аталган программа окуунун жана жатакананын акысын, медициналык камсыздандыруу, учактын билети сыяктуу чыгымдарды төлөп берет.

Айзирек Темирбекова: - Мен Самсун шаарындагы 19-Май университетинде (Ondokuz Mayıs Üniversitesi) тамак-аш инженерлиги багыты боюнча окуп келдим.

- Эки өлкөдө билим алдыңыздар, анан Кыргыз өлкөсү менен Түркиянын ортосунда билим берүү системиндеги кандай өзгөчөлүктөрдү байкай алдыңыздар?

Мырзахит Мырзаев: - Жакшы суроо. Мен эң негизги өзгөчөлүгүнө токтолоюн. Жеке пикиримде, Түркиядан ала турган бир нече системдер бар. Мисалы, эң эле биринчи Жалпы республикалык тестирлөөгө токтолгум келип турат. Алсак, университетке кабыл алууда Түркиянын биздин ЖРТ сыяктуу тести бар. Ал тесттен бардык эле студенттер өтө албайт, тест өтө оор, анан да тесттен өткөн абитуриенттердин алган баллына жараша университет, региондор туш келет. Мисалы, эң жогорку баа алгандар Анкара, Стамбул, Измир сыяктуу чоң шаарлардагы университеттерде окууга мүмкүнчүлүк алат. Андан кийинки жакшы баа алгандар Конья, Анталья сыяктуу шаарларда окуса, андан кийинки орто баа алгандар чакан шаарлардагы университеттерде билим алышат. Башкача айтканда, Анкарада туулганды Измирге, Измирде туулганды Самсунга кылып бөлүп, ар бир шаарга студенттерди чачат. Ал эми мамлекет жаштар аркылуу ар кайсы регионду туруктуу кармай алат. Ушул методду биздин Кыргыз өлкөбүзгө да алсак туура болмок деп ойлойм. Биринчиден, Бишкек жана Ош шаарларында толуп алган жаштарды региондорго кайра тартса, экинчиден, трайбализм деген илдетти жоймок. Үчүнчүдөн болсо, кичинекей шаарларыбыз да өнүгүү жолуна түшмөк. Мисалы, алыскы Лейлектин Исфана шаарында бир университет ачылса, ал жерде жок дегенде 5-10 миң студент окуйт. Анын айланасында соода түйүндөрү, коомдук тамактануучу жайлар, коомдук транспорттор пайда болот, шаардын экономикасы көтөрүлөт. Анан ал жерде Баткендин да, Таластын да, Чүйдүн да, Оштун да кыскасы ар бир облустун жаштары келип окумак. Ал эми эң мыкты баа алган абитуриенттер Бишкек жана Ош шаарларында окуй бермек. Азыр болсо негизинен жаштардын баары Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана башка шаарларга толуп алып, андан башка кичинекей, чакан шаарларыбыз ээнсиреп баратат.

Айзирек Темирбекова: - Мен өзүмдүн тармагым боюнча айтып кетейин. Мисалы, тамак-аш инженерлиги адистигин Кыргыз өлкөсүндөгү ЖОЖдордон 1-2 гана университеттен жолуктуруу мүмкүн. Түркияда бул бөлүмдүн ичинде эт, сүт, мөмө-жемиш, нан азыктары, микробиология сыяктуу тармактар жана ар бир тармактын өз алдынча лабораториялары бар. Бул лабораториялар да заманбап жабдыктар менен камсыздалган. Ошондой эле башка өлкөлөрдөн келип магистратура, докторантурада окуп жаткан студенттер да аябай көп.

Магистрдик же доктордук илимий изилдөө жасаш үчүн сөзсүз түрдө белгилүү өлчөмдө каражат талап кылынат. Эң биринчи эле анализдерди жасоо үчүн колдонула турган химиялык реактивдер сатылып алынат же талап кылынган кандайдыр бир жабдык алынат. Бул керектөөлөрдү каржылоо үчүн университеттин башкармалыгына атайын долбоор жазууга болот. Ошондо керектүү өлчөмдөгү каражат университет тарабынан бөлүнөт. Негизинен Түркияда тамак-аш тармагында изилдөөлөр абдан көп жасалат жана бул тармак жогорку деңгээлде өнүккөн. Анткени ар тараптуу шарттар түзүлгөн.

- Эң сонун. Билим, илим жөнүндө кеп кылып жатып китепти унутта калтырууга болбосо керек. Кандай багыттагы, кайсы тармактагы китептерди көп окуйсуздар?

Мырзахит Мырзаев: - Колдон келишинче керектүү, пайдалуу деп эсептеген китептерди окуганга аракет кылам. Мурда адабий чыгармаларды көбүрөөк окуйт элем. Акыркы жылдары окуган китептерим көбүнчө өзүмдүн тармагыма тийиштүү саясат таануу, экономика, тарых, философия тууралуу китептер. Ушул тармактар боюнча эң мыкты, сөзсүз окуш керек болгон китеп катары Мишель Фуконун "Түрмөкананын пайда болушу" ("Рождение тюрьмы") аттуу китебин эсептейм. Анан балалуу болгондон бери бала тарбиялоо боюнча китептерге көз жүгүртүп турабыз.

Айзирек Темирбекова: - Бош убактым болгондо китеп окуганга аракет кылам. Адабий чыгармаларды жана тарыхый романдарды окуган жагат. Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын мурда кыргыз тилинде окуган элем, кийин орусча жана түркчө которулган чыгармаларын окудум. Эң акыркы жолу Масару Ибуканын "Үч жаштан кийин кеч" деген китебин окуптурмун.

- Илимге, билимге кызыккан түгөйлөрдүн табышуусу көпчүлүктүн бүйүрүн кызытпай койбосо керек. Кантип таанышып калдыңыздар?

Мырзахит Мырзаев: - Бишкекте таанышканбыз (күлүп). Кийин Түркияда да сүйлөшүп жүрдүк. 2018-жылы жайкы каникулда Кыргыз өлкөсүнө келип, ата-энебиздин батасын алып, тоюбузду өткөрүп кайрадан Түркияга кеттик.

Айзирек Темирбекова: - Ошентип, дээрлик эки жылдан бери түтүн булатып жашап келе жатабыз. Кудайга шүгүр, баары жакшы. 2019-жылы Жараткан насип кылып уулдуу болдук.


- Айзирек айым, чет элде үй-бүлөлүк жашоо, балага тарбия берүү, ошону менен катар окууну бирге алып кетүү ары татаал, ары жоопкерчиликти талап кылары белгилүү. Айтсаңыз, баарына жетишүүнүн сыры эмнеде?

- Түркияда окуу ары кызыктуу, ары түйшүктүү болду десем жаңылышпайм. Менин диссертациялык ишимди жазуу үчүн жасала турган лабораториялык ишимдин мөөнөтү узак болгондуктан, жолдошум мен жашаган шаарга келип жашап, өзүнүн диссертациясын ушул жакта жазды. Самсун менен Анкаранын аралыгы дээрлик 500 чакырым. Мырзахит ай сайын илимий жетекчисине жолугушуу үчүн эки шаардын ортосунда каттап турду.

Кош бойлуу кезимде да лабораториялык иштер токтогон жок. Төрөгөнгө 2-3 күн калганда да лабораториялык иштеримди жасап жаттым. Балалуу болгондон кийин бир ай үйдө болдум. Балабыздын кыркы чыгары менен кайра лабораториялык иштеримди жасоого кириштим. Ошентип, мен өз жумуштарымды аткарам, жолдошум болсо кечке чейин балабызды карап жанымда болот. Университеттеги мугалимдер уулубузду "кичүү профессор" деп койчу. Мырзахит менен дээрлик бир жыл бою лабораторияга чогуу барып, чогуу келдик. Ошентип, башка тармактын адамы болгонуна карабастан жолдошум колдоп, жардам берип, диссертациямды ийгиликтүү жазып алдым. Ал өзү кечинде үйгө келгенде, эс алуу күндөрү диссертациясын жазып жатты. Кудайга шүгүр, экөөбүз тең өз убагында диссертациябызды жазып, ийгиликтүү коргоп алдык. Ошол убакта бүтпөй калабызбы деп чочулачубуз кээде. Азыр баары түштөй эле болуп калды. Жолдошум мага колдоо көрсөтүп тургандыктан окуумду бүтүрүп алдым.


- Мырзахит мырза, дени сак жашоо образы тууралуу айта кетсеңиз. Спорттун кайсы түрүнө кызыгасыз жана кайсы түрү менен машыгасыз?

- Спорт боюнча сураганыңыздан мен сизге буга чейин эч бир жакка айтпаган кичинекей сырымды бөлүшөйүн. Мен кичинемден алыш күрөшү менен алектенет элем. 8-класста окуп жүргөндө түшкө чейин айылда мектепте окуп, түштөн кийин Өзбекстандын Фергана шаарындагы Олимпиадалык резервдеги колледжге барып алыш күрөшү менен машыкчумун. Кадамжайда Нооруз, Жеңиш күнү жана башка ушул сыяктуу майрамдарда байге коюлуп чоң күрөштөр болот эле. Мен да ар бир күрөштө чыгып күрөшөт элем. Ферганадагы колледжде машыгып калышыма ушул Кадамжайда өткөн күрөш мелдештери себеп болду. Ферганадан келген бир машыктыруучу атама "балаңызды кааласаңыз бизге бериңиз, бизде бекер машыкса болот" деп чакыруу берген экен. Айылыбыз Фергана шаарына жакын болгондуктан, бул сунушту четке какпадык. Ушундайча Ферганага каттап машыгып жүрдүм. Ферганадагы машыктыруучу "биротоло ушул жерге келип эле оку, ата-энең менен кеңеш" деп айтып жүрдү. Ойлоп көрсөм ачык айтпаса да келип окуп, биздин атыбыздан күрөш дегендей кылган экен. Ал убакта чек аралар ачык эле.

Кийин атамдан Бишкекке эле алып барышын сурандым. Ошондо айылда бирөөнүн үйүнүн пайдубалын куюп, ошонун акчасына Бишкекке жолго чыкканбыз. 2008-жылдын август айында Бишкектеги Олимпиадалык резерв окуу жайына келдик. Тилекке каршы, Бишкекте алыш күрөшү секциясы жок экен. Ошентип, грек-рим күрөшүн тандадым. Физикалык нормаларды ийгиликтүү тапшырдым. Бирок мен грек-рим күрөшү боюнча мурда эч күрөшүп көрбөгөндүктөн, күрөшкө келгенде мага оор болду. Бир жолу упай айырмасы менен уттуруп койдум. Бирок экинчи атаандашымды жеңдим. Ошентсе да, тилекке каршы, жыйынтыгында мени окууга кабыл алышкан жок. Окууга өтпөй калганымды укканда аябай катуу сынгам, ызалангам. Кийин атам менен спорт мектептин директоруна киргенибизде "оор атлетикага бала аз, кааласаң ушул секцияга кабыл алалы, дене түзүлүшүң төп келет экен" деди. Менин каалоомдо болсо күрөштөн башка спорттун түрү жок болгондуктан, оор атлетикага окугум келген жок ачыгы. Анан кайра артка кайтыш керек болду. Ошондо айылга барайын десем намыстанам, окууга өтпөй кайтып келди деп сөзгө калам же Бишкекте кала албайм. Атам ошондо Оштон да сурап көрөлү, балким, Ошто спорт мектеп бардыр, айылга, үйгө да жакын болосуң деп мени Ошко алып жөнөдү. Атам азыр Бишкектен Ошко келгенге чейин такыр сүйлөбөй келгенсиң деп калат. Анан бул баланы Ошко спорт залга болсо да бербесем болбойт экен деп Оштогу Алыш спорт клубуна алып келди. Ошол жерге киргенде бир машыктыруучу бар экен, ошондон спорт клуб боюнча маалымат алдык. Кийин атам биздин Ош шаарында жашаган эч кимибиз жок, Ошто жатак мектептер барбы деп калды. Ошондо бизге Уркуя Салиева лицейи тууралуу маалымат берди. Кудай буюруп, Уркуя Салиева лицей-интернатына ийгиликтүү тапшырып алдым. Кыялымда ошол жерде окуп, алыш залына каттай берем деп ойлогон элем. Бирок Бишкекте спорт мектепке өтпөй калганыма көпкө чейин ызаланып, спорт залды көргүм келбей жүрдү. Ошол убакта көбүрөөк сабактарга басым жасап, окууга киришип кеттим окшойт. Айтор, кийин күрөштү таштап салдым. Ошондон бери бул күрөш менен алектенбейм. Кээде ошондо Бишкектеги окууга кабыл алышса, күрөш боюнча ийгилик жаратат белем деп ойлонуп калам. Бирок баары өттү, кетти. Эми кеч. Буюрганы ушундай экен. Окуу менен кетип деле кем болдум дебейм. Кадамжайдагы жердештерим көпкө чейин эмнеге күрөштү таштап салганымды сурап жүрүштү. Так жооп берчү эмесмин. Убакыт-сааты эми келди окшойт, сиздерге айта кетүүнү туура көрдүм.

Азыркы учурда спорттун эч бир түрү менен такай машыкпайм. А бирок өзүмдү формада кармоого аракет кылам. Тынбай футбол ойнойм, чуркап, машыгып, бильярд ойноп турам.

- Өнүгөр адам өрнөк болчу адамды издейт деген жакшы кеп бар эмеспи. Сиздердин да өрнөк туткан адамыңыздар бар чыгар...

Мырзахит Мырзаев: - Жакшы суроо бердиңиз. Сөзсүз түрдө адамда өрнөк туткан адамы болушу керек. Алибабанын негиздөөчүсү, кытайлык миллиардер Жек Манын "Адамга 30 жашка чейин кайда иштегени эмес, кимди ээрчигени маанилүү" деген жакшы сөзү бар. Анын сыңарындай биз үлгү туткан, биз ээрчиген мыкты адамдар сөзсүз болушу абзел. Бирок өзгөчө белгилеп кете турган нерсе, бир гана адамды идеал тутпай, бир нече адамдын жакшы сапаттарын идеал туткан дурус.

Жеке мен жөнөкөйлүгү жана жоомарттыгы жагынан атамдан үлгү алам. Билимдүүлүгү жана күчтүү аналитикалык ой жүгүртүүсү жагынан болсо БААУнун ректору, устатым Чыңгыз Шамшиевден өрнөк алам. Ал эми саясий көрөгөчтүгү, таза иштеген кадр жана чечендиги жагынан парламенттин мурдагы төрагасы, устатым Адахан Мадумаровду үлгү тутам. Жасалмалуулугу жок, табигый инсандык касиети жагынан өкүл атам Чыңгыз Мырзаевден өрнөк алам. Дегеле бул жакта аты аталбаган көптөгөн инсандардан үлгү алам, өрнөк тутам. Анткени ар бир эле адамдын мыкты сапаттары бар.

Айзирек Темирбекова: - Мырзахиттин оюна кошулам. Мен да таанып билген айланамдагы адамдардын жакшы сапаттарын өзүмө алганга аракет кылам.


- Учурда бүтүрүүчүлөр кайсы кесипти тандасам, кайсы жогорку окуу жайына тапшырсам деген түрдүү суроолордун кучагында калганы белгилүү эмеспи. Кесип тандоодо көңүл бура турган жагдайларды атай өтсөңүздөр?

Мырзахит Мырзаев: - Мен тигил же бул жагдайга өзгөчө көңүл буруш керек деп да айта албайм. Болгону баланын өзүнүн кызыкчылыгына жараша кесип тандаганы максатка ылайык болот. Ата-энелер баланын тандоосу менен эсептешүүсү керек. Мажбурлап ушул кесипке окуйсуң дегендик да болбойт. Дегеле баланын келечекте ким болору ата-энеден көз каранды. Эгер бала кайсы бир тармакка шыктуу болуп, кызыкса ошол тармакты дагы да жакшы өздөштүрүүсүнө шарт түзүшү керек. Эгер балада кызыгуу жок болсо, келечекте ким болорун так билбесе, анда ал балага ата-эне багыт жана мотивация бериши зарыл. Ошондо баланын катылып жаткан таланттары чыгат.

Айзирек Темирбекова: - Менин оюмча, жөн эле университетте окуп диплом алуу максат болбош керек. Кесип тандоодон мурун ар бир адам өзүнүн келечекте кандай жумушта иштеп, кандай жашоону каалаганын жакшылап ойлонсо. Төрт-беш жыл окуп кийин ал кесип менен иштебей башка жумуш кылып жүргөндөр көп эмеспи. Чет өлкөдө жүрүп мектеп окуучуларынын келечекте ким болгусу келерин, эмнеге ошол кесиптин ээси болгусу келгенин так билишкенин көрдүм. Бизде көбүнчө кайсы окууга өтсөм, ошого окуй берем дешет. Же болбосо эл арасында белгилүү болгон бир-эки кесипти тандашат. Үйдө ата-энелери, мектепте мугалимдер тарабынан ар кандай кесиптин түрлөрү тууралуу маалымат алышса, анан ошол кесипке ээ болуш үчүн кандай сапаттар керек, ошол сапаттар менде барбы деген суроолорду берип ойлонуп, анан чечим чыгарышса жакшы болот.

- Учурда чет өлкөдө окууну кыялданып жаткан жаштардын саны арбын экендигин кубандырат. Максаттуу, билим алууга кызыкдар жаштарга кеп-кеңеш бере кетиңиздер.

Мырзахит Мырзаев: - Азыркы учурда интернеттин, жаңы технологиянын заманы болуп калбадыбы. Ошондуктан, үйдө отуруп эле көптөгөн стипендиялык программаларды, мүмкүнчүлүктөрдү тапса болот. Мурда жалаң гана каражаты жетиштүү үй-бүлөлөрдүн балдары сыртта билим ала алышса, азыркы заманда четте билим алуу үчүн бай болуштун кереги жок.

Айзирек Темирбекова: - Туура, мен дагы толук түрдө кошулам. Эгерде аракет, эрк күчтүү болсо дүйнөнүн каалаган өлкөлөрүндө окуса болот. Бул үчүн тилдерди үйрөнүү, сабактарды мыкты окуу, социалдык активдүү болуу жетиштүү.

- Алдыдагы пландарыңыздар тууралуу айтып өтсөңүздөр.

Мырзахит Мырзаев: - Адам жаш кезде максималист болот экен. Азыр күн өткөн сайын токтолуп бараткандаймын. Менин тармагым мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу, саясат таануу тармагы болгондуктан, ушул секторлор боюнча көп ойлоном. Кыргыз мамлекетине кандай систем эффективдүү болот, кандай башкаруу формасы төп келет, канткенде өнүгүү жолуна түшөбүз деп, түрдүү башкаруу формаларын басып өткөн тарыхыбызга жараша анализдеп келе жатам. Келечекте ким болсом ошол болоюн, кайсы жерде иштесем ошол жерде иштейин, башкысы өлкөбүздү азыркы абалынан чыгара алган, мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошо алган жаштардын катарын толуктагым келет. Эң негизгиси ата-энем менден намыстанбагандай уул, балдарым уялбагандай ата болгум келет. Жараткан эч кимибизди уялттырбасын...

Айзирек Темирбекова: - Келечекте өзүмдүн кесибим менен иштөөнү пландап жатам. Аны менен бирге ушул тармакта колдон келишинче дагы да терең билим алуу максатым бар. Азыр кайсы тармак болбосун күндөн күнгө өнүгүп баратат. Билим алууну токтотуп койсоң артта каласың. Келечекте өлкөбүздө тамак-аш азыктарын өндүрүү тармагынын өнүгүүсүнө өз билимимди, тажрыйбамды жумшап, салымымды кошсом деген ниеттемин.

- Ал эми учурдагы карантинди кандай өткөрүп жатасыздар?

Мырзахит Мырзаев: - Биз окууну бүтүрүп кайтып келгенден кийин карантин башталды. Азыркы учурда Кадамжайда, айылдабыз. Келип бир айдай эс алдык. Учурда ата-энебизге көмөктөшүп, талаа, үй иштерине жардам берип жатабыз. Мөмө-жемиштер да бышып калды. Буюрса, витаминдердин планын толтуруп алгандан кийин шаарга кайталы деп турабыз.

- Кызыктуу маек куруп бергениңиздер үчүн ыраазычылык билдиребиз! Үй-бүлөлүк бакыт, иштериңизге ийгиликтерди каалайбыз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
erlan2196
2020-06-01 15:57:08
Эн сонун маек экен. Азыр билимди гана ээрчиш керек. Мамлекетте маданиятты онуктуруш керек. Молдолорду кумир тутканды токтотуш керек. Жаштардын исламдашып, динчил болуп кетиши алардын билимге, маданиятка, искуствого болгон кызыгуусун туп тамырынан бери жок кылат.
-1
Nursul
2020-06-01 16:01:07
erlan2196, сенин молдого азылбай жазган күнүн жокбу же молдолор тамагыңа бутун салып атабы
+2
Sultanim
2020-06-02 02:22:20
erlan2196, Адам бир канат м-н уча албайт. Бир канаты билим,бир канаты дин таануусу т.а.Билим бүткөн жерде дин башталат.Куран Өзү чечилип бүтпөгөн илим.Өткөн ж-а азыркы замандын эң деген окумуштуу профессорлору Курандын казылып бүтпөгөн кереметине,андагы айтылган физика, астрономия,матем,философия,биология, химия бардыгы ичинде айтылганына таң берип,мусулман болушканы толгон-т.Тээ 7-кылымда азыркы заманбап кубулуштар ж-дө кабар берген Кудай. Адам билбегендин душманы демекчи, эмнеге өзүңө мынчалык
-1
Sultanim
2020-06-02 02:42:00
erlan2196, маданият деген сөз кайдан келген билесиңби? Мадина шаарынан улам келген.Пайгамбарыбыз(сав)'дан улам Мадинадагы элдер бүт жактан өнүгүп,адеп-ахлак,илим-билимден эң алдыңкы болушкан.Мадиналык дегенде башка жактагы элдер,укмуш абройлуу көрүшүп, сыйлап турушкан.Ушундан улам маданият сөздүгү келип чыккан. Батыш Маданиятты Ислам дининен үйрөнгөн.Керек болсо алар терезесинен заңын ыргытышып,көчө толо заң болгон.Ушундан улам шиш такалар келип чыккан.Заңдан качабыз деп...айта берсе сөз түгөнб
-2
zhaku2017
2020-06-02 01:22:37
Жаштардын диний догмаларга болгон ишенуусу токтомоюнча, алардын билимге болгон кызыгуусу эч качан ойгонбойт. Себеби копчулугу билимге эмес, арабча дубаларга ишенип алышкан.
-1
Sultanim
2020-06-02 09:56:36
zhaku2017, Ислам дини билимге чоң басым жасайт.Жада калса динди илим аркылуу табуу, көбүрөөк сооптуу,жөн угуп үйрөнгөнгө караганда.Ант-и далилдер м-н бекемирээк болот ыйманың.Куран билим алууну буюрат.Ош-н билим алуу-ибадат блп жазылат амал дептерибизге. Пайгамбарыбыз(сав)айткан:"Илим үйрөнүп аткандын жазган калеми алтын б-о дагы,жардам бергиле."-деп.Ар замандын эң актуалдуу маселелерине Ыйык Куранда жол көрсөтүлгөн.Ата-энеге урмат,бала,коңшу,тууган акысы,Мекенди сүйүү ыймандан(хадис).
-1
Sultanim
2020-06-02 10:03:35
Куран бүтүндөй ааламдын илимин жалгыз ичинде камтыйт.Керемети ушунда.Ар окуганда,жаңы окуп аткандай,жаңы нерселерди түшүнөсүң.Ислам жалкоолордун,караңгылардын дини эмес.Неттен проф.докторлордун илим аркылуу мусулман болгон документалдуу фильмдерин издеп көрсөңөр,көп жардам берет,оюңарда болгон суроолорго. Адашкандын айыбы жок,айланып казыгын тапкан соң.
-1
Nursul
2020-06-02 10:28:51
Ээ карочи динге азыла бербей окатынарды кыла бергилечи биз жүргөн динде итак жок экенсиңер анан силерди илимден биро тосуп жатабы.
-1
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-06-02 11:18:18
Кандай сонун түгөйлөр.Оо Аллахым мага да татыктуу илим-билим алууну насип кыла көр.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан