Абай Молдокматов Башкы прокуратуранын түзөтүү мекемелериндеги мыйзамдуулукту көзөмөлдөө кызматынын прокурору болуп дайындалды. Ал жаңы кызматка 30-сентябрда киришкен.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан маалымдагандай бүгүн, 4-октябрда атайын прокурор жана анын орун басары Султан Бакасов борбордук аппараттын өздүк курамы менен жолугушуу өткөрдү.
Абай Молдокматов Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлгөн. Окуу жайды аяктагандан кийин Жогорку Сотто кылмыш иштери боюнча консультант болуп иштеген.
2011-жылы Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгында ага прокурор болуп дайындалган. 2016-жылы Жайыл районунун прокурордук кызматта иштеген. Андан кийин Башкы прокуратуранын бажы жана экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматтарындагы ыкчам тергөө ишмердүүлүктү көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы болгон.