УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаев чукул жыйын берип, тарапташын күч түзүмдөрү кармап кеткенин айтты

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Президенттикке талапкер катары БШКга арыз жазган жарандардын бири, Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев бүгүн, 27-ноябрда чукул жыйын өткөрүп, анда ал штабындагыларга карата саясий кысым башталганын айтты.

Абдил Сегизбаевдин айтуусунда, күч түзүмдөрү анын тарапташын, мурунку кесиптешин жана штабда кол топтоо процессин координациялап жаткан Дүйшөн Чоткараевди кармап кеткен.

"Дүйшөн Чоткараев УКМКнын ардагери. Бизге келип өз ыктыяры менен жардам берип жаткан. Мен муну саясий кысым катары түшүндүм. Себеби булардын бир гана жолу бар. Ал Сегизбаевди шайлоого жеткизбөө. Бул үчүн ыкмалардын бири кол топтоо процессин үзгүлтүккө учуратуу. Ошол иште координациялап жаткан негизги адамыбызды кармап кетишти. Дүйшөн Чоткараевди кармап кетишсе дагы, эч кандай үзгүлтүккө учуратпай ишибизди уланта беребиз. Мен шайлоого сөзсүз чыгам. Азыркы бийлик боюнча болгон маалыматымды, алардын максаты, иштери, өлкөнү каякка алып барып жатканы тууралуу айтып берем.

Буга чейин деле бизге кысымдар болуп жаткан. Жер-жерлерде биздин кол топтогон адамдарыбыз айтып беришти. Административдик ресурсту колдонуп кол топтоого коркутуп, үркүтүп, аңдып кысым жасап жатышат. Эгерде муну бийлик токтотпосо, тиешелүү кадамдарга барып элге кайрылабыз. Эгер бийлик таза шайлоону камсыздап бербесе, бирден бир бийликтин күнөөсү болот", - дейт Сегизбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан