Президенттикке талапкер болгон Клара Сооронкулова 33 миңден ашуун кол топтоду

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Президенттикке талапкерлерден канча кол топтогону боюнча билдирүүлөр дагы деле түшүп жатат. Тизмени 33 миң 458 кол топтогон Клара Сооронкулова толуктады. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мыйзамга ылайык, бүгүн саат 23:59га чейин президенттикке талапкерлер 30 миңден кем эмес, 60 миңден көп эмес кол чогултуп БШКга тапшырышы керек. БШКнын кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу берилген кол тамгалардын аныктыгын текшерүүнү 8 календарлык күндө жүзөгө ашырат.

Буга чейин Арстанбек Абдылдаев, Садыр Жапаров, Бабыржан Төлбаев, Аймен Касенов, Курсан Асанов, Адахан Мадумаров, Кубан Чороев, Абдил Сегизбаев, Элдар Абакиров, Жеңишбек Байгуттиев чогултулган тизмени БШКга өткөрүп беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан