Президенттик шайлоого катышуу үчүн дагы эки жаран БШКга арыз жазды

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Бүгүн, 14-ноябрда президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына Араева Анаркуль Медербековна жана Мадинов Орозобек Капарбекович арыз жазды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Араева Анаркүл Медербековна 1960-жылы 24-июнда төрөлгөн. Учурда пенсионер.

Мадинов Орозобек Капарбекович 1968-жылы 22-ноябрда төрөлгөн. Жактоочу.

Бул эки талапкер менен президенттик шайлоого катышууга арыз бергендердин саны 40ка жетти.

Эске салсак, мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан