Мындай чечим БШКнын жумушчу тобунун жыйынында арыз ээлеринин, кызыкдар тараптардын ѳкүлдѳрүнүн катышуусунда кабыл алынганы белгиленет.
"Президенттин кызмат ордуна талапкер катары кѳрсѳтүлгѳн учурда Садыр Жапаров президенттин ыйгарым укуктарын ѳткѳрүп берген жана премьер-министрдин кызматтык милдеттерин аткаруусун токтоткон. Борбордук шайлоо комиссиясы Садыр Жапаровдун документтерин кабыл алууда БШКнын иш-аракеттеринин мыйзамсыз экендиги жѳнүндѳ арыз ээлеринин жүйѳсүн негизсиз деп эсептейт" , - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, 9-декабрда президенттикке талапкерлер Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев жана Бектур Асанов БШКдан Садыр Жапаровду президенттикке талапкер катары каттабоо тууралуу арызы менен кайрылган. Анда арыз ээлери Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучунун ыйгарым укуктарын өткөрүп бергенден кийин, премьер-министрдин дагы ыйгарым укуктарын биротоло өткөрүп берип, шайлоого башкалар менен тең укукта катышуусу зарыл болгондугун жүйө катары келтиришкен.