Дастан Бекешев БШКга КТРКнын үстүнөн даттанды

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Коомдук телерадио берүү корпорациясынын үстүнөн БШКга даттанды. Маалыматты SUPER.KG'ге БШКнын басма сөз кызматынан тастыктады.

Белгилүү болгондой, депутат КТРКнын жетекчилигин мөөнөтүнөн мурда үгүт жүргүзүүгө айыптаган.

"Дастан Бекешев 23-декабрда саат 19:00дөн 20:00гө чейинки убакта КТРКнын эфиринде Кыяс Молдокасымов президенттик башкаруу формасын колдоп, үгүт жүргүзгөнүн, мындай аракет мыйзамга каршы келерин белгилеп, КТРКнын жетекчилигин жоопко тартууну талап кылды", - деди басма сөз кызматкери.

Мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум келерки жылдын 10-январында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан