Бишкек хореографиялык окуу жайынын жетекчиси президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз тапшырды

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Президенттик шайлоого аттануу үчүн Элеонора Турдубекова Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал бүгүн, 12-ноябрда БШКга арыз тапшырган.

Элеонора Турдубекова Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын жетекчиси.

Буга чейин Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Бектур Асанов, Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Абдыкаар Сыдыков, Бакыт Бакетаев, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев, Жеңишбек Байгуттиев, Клара Соорокулова, Азамат Эсенбеков, Аймен Касенов, Кубанычбек Касенов, Садык Шер-Нияз президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызын БШКга тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан