Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков бүгүн, Бишкектеги №1102 шайлоо тилкесинде добуш берди.
Ал шайлоо тилкесинде иш алып барып жаткан журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, бүгүнкү шайлоонун жыйынтыгы туруксуздукка алып келбей турганынан үмүт кыларын, учурга карата эреже бузуулар жок экенин айтты. Ал эми орун алып жаткан техникалык мүчүлүштүктөр адистер тарабынан калыбына келтирилип жатканын белгиледи.
Ошондой эле Артём Новиков туруксуздук орун алып кетсе өкмөт даяр экенин кошумчалап, талапкерлерге шайлоонун жыйынтыгы кандай чыкса ошону таанып, тынчтыкты сактап калууга чакырды.
Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу кимди жана өлкөнү башкаруунун кайсы формасын тандаганын жашыруун калтырды.