Ата салты: "Жети атасын билбеген жетесиз кул". Жети атаны билүү зарылчылыгы эмнеде?

Тектеш кабарлар: Ата салты (22 материал)

Эзелтен Кыргызда "Жети атасын билбеген жетесиз кул" деген сөз бар. Кыргыз коомунда балдардан тестиер кезинен тарта кимдин баласысың, жети атаң ким деп суроо узатып турушкан. Бул суроолор балага өзүнүн ата тегин, санжырасын билүүсүнө чоң түрткү болгон.

Мекенин, улутун, келечегин ойлогон бабаларыбыз "жети атаны билүү - парз!" - деп, өсүп келе жаткан муундун кулагына кумдай куюп тургандыктан бул дил-насаат ар бир кыргыз баласынын дилинде кыттай уюп, улуттун урааны болуп, намыстуу, мекенчил болууга, тегин, жерин сүйүүгө үндөгөн ыйык түшүнүккө айланган.

Санжырачылардын эмгектерине таянсак, жети атаны билүүнүн зарылчылыгы бул тарыхыт билүү. Бир муунга орточо 25 жылдан эсептегенде жети муунга чейинки эле санжыраны билген адам 175 жылдык ата-бабаларынын басып өткөн тарыхын, каада-салтын, үрп-адатын, нарк-насилин билет. Дагы бир тарбиялык касиети, байыртан жети муундун бардык өкүлдөрү - ак калпакчан аталарыбыз, ак элечек энелерибиз ошол жетинчи баласынын келечеги үчүн туура сүйлөп, түз жүрүшкөн.

Жети атанын балдарынын баары бир туугандар, жети атанын балдары биринин кызын бири алган эмес, ата-бабалар куда түшкөндө жуучуга келгендердин эң биринчи тегин сурашкан - "тегиң ким?", "кайсы элденсиңер?", анан "кайсы жерденсиңер?"- деп. Тууган болуп чыкса, жуучулар менен сүйлөшүү дароо токтотулган.

Жети ата өтпөй жатып кыз берип, уул үйлөгөндү кыргыздар генетикалык жактан туура эмес деп эсептешкен. Санжыраны уруунун генетикасын таза сактоо үчүн каны аралашпаган таза урпактарды кийинки муундарга калтыруу үчүн, акылдуу, ден соолугу мыкты, ой-жүгүртүүсү кенен, эске тутуусу феномендүү балдардын төрөлүшү үчүн айтылып, мураска калтырылган.

Илимий изилдөөлөргө таянсак, жетинчи атада биринчи атанын канынын 0,78125 пайызы гана калат. Биздин ата-бабалар ички туюму күчтүү эл болгон, математиканы колдонбой туруп эле эч качан каныбыз аралашпасын, болочоктогу урпактар улам мыктысы төрөлүп, кан бузулбасын дешкен.

Жети ата өзүнө тиешелүү төмөнкүдөй терминдер менен аталып, элдин аң-сезимине абдан терең сиңген: ата, чоң ата, баба, буба, кубаар, жото, жете.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
talas0707
2021-02-25 15:05:52
Ошол учун Кыргыз эли кылымдар бою чон чон элдер менен аралашып кетпей жашап келген.
+5
Kubat77
2021-02-25 15:34:17
Сатыкей
0
Baatirbek81
2021-02-25 21:11:04
Илгеркилер туура кылышкан!
Азыркылар бир айылдан эле же болбосо бөлөсүн алып алгандар көп кездешет!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан