Салт-санаага бай Кыргыз эли байыртадан ар бир кырдаалга өзүнчө ырым-жырымдарды колдонуп келишкен.
Кыргыз үчүн үй-бүлө күтүп, тукум улоо, бул жашоодогу эң негизги максаттарынын бири болгон. Кыргыздарда телегейи тегиз, үлгү боло турган үй-бүлө катары көп балалуулар эсептелген. Өзгөчө эркек балалуу болбой калган адамдар өзүн абдан бактысыз сезип, кыз баласы болсо да "артымда калган туягым жок, менин тукумумду улаарым жок" деп айтып келишкен.
Эгерде аялы төрөбөгөн болсо, эркектер башка аял алып, балалуу болгону бул катардагы көрүнүш катары бааланган. Төрөбөгөн аялдар балалуу болгон аялдардай укуктарга, урмат сыйга ээ боло алышкан эмес. Алардын айрымдары балалуу боло албаганын ойлонушуп, көп учурда психикалык ооруларга кабылышкан.
Төрөй албаган келиндер жакшылыктан үмүтүн үзбөй ар кандай ырым-жырымдарды колдонушкан. Алардын эң кеңири тараганы бул ыйык жерлерге зыярат кылуу, мазарларга, жер-сууга сыйынуу болуп эсептелген. Аталган ырым-жырымдар азыркыга чейин кыргыз коомунда сакталып калган.
Төрөй албаган келиндер мазарларга барып, атайын жөрөлгөлөрдү жасап, балалуу болуу тилегин айтышкан. Ыйык жер аталган ар бир мазарда өзүнүн жөрөлгөсү болгон. Мисалы, кайсы бир жерде кан чыгарып, мал союу зарыл болсо, айрым жерде булактын суусун кайсы бир убакыт бою ичүү керек болгон.
Дагы бир ишеним боюнча көп балалуу болгон байбиченин кийимин кийген келин убакыттын өтүшү менен балалуу болгон. Балалуу болгонго ден соолугу мүмкүнчүлүк бербеген келиндер жер кезип, аты чыккан белгилүү молдолорго, бүбү-бакшыларга, элдик табыптарга барып дарыланышкан.
Наристелери төрөлөрү менен чарчап калган келиндерге да ар кандай ырым-жырымдарды колдонуп келишкен. Алардын эң кеңири жайылганы бул төрөлгөн наристеге уул болсо, токтоп, киши болуп кетсин деген максатта Токтобек, Токтогул, Токтокүчүк деген ысымдарды ыйгарышкан. Ал эми кыз болсо Токтобүбү, Токтакан, Токтоайым деген аттар берилген.
Мындан сырткары ара төрөлгөн наристелерди тебетейдин ичине салып багышкан. Ошондой эле көп балалуу үй-бүлө баласы токтобогон үй-бүлөнүн жаңы төрөгөн ымыркайын уурдап кетти ырымын жасап, бир нече ай бою өз үйүндө багып, киши болуп кетерине көзү жеткенде гана үй-бүлөсүнө кайтарып беришкен. Муну менен бирге эле жаңы төрөлгөн ымыркайга көз мончок же атайын тумар тагып коюшкан.