Ата салты. Эзелтен кыргызда ооруну туура аныктап, аны мыкты дарылаган кыл тамырчылар тууралуу билесизби?

Тектеш кабарлар: Ата салты (22 материал)

Адам баласы жаралгандан бери өзүнүн жашоосун жеңилдетип, өмүрүн узартуунун аракетинде. Эзелтен кыргызда ар бир ооруга кылдат мамиле кылып, аны алдын алып, элдик ыкмалар менен дарылап келишкен.

Элдик, тактап айтканда, кыргыз медицинасы өз алдынча өнүгүп жана жашап келгендигин жокко чыгара албайбыз. Анын бар экендигин далилдеген айрым бир өнөрлөр – табыпчылык, тамырчылык, куучулук жана башкалар. Арасынан кыл тамырчылык касиети тууралуу төмөндө кеп кылмакчыбыз.

Кыл тамырчылык кыргыздарда дартты аныктоонун жана дарылоонун бир түрү катары жашап келет. Бул ыкма адамдын тамырын кармап ооруну аныктагандыгына байланыштуу ушундай аталып калган деп айтылат.

Тамырчы, терапевт Эсенбек Молдокеримдин айтуусуна таянсак, кыл тамырчы азыркы практикалык медицинадагы врачтардай ооруну адамдын өзүнөн сурап, анан аны жалпылаштырып дартын аныктабастан тамырды кармап, анын согушуна жараша, андагы ыргактын аракетин аныктоо аркылуу өзүнүн аныктамасын же диагнозун берет.

"Кыл тамырчы жалпысынан ооруну экиге бөлүп ысык-суук деп карайт. Ал кандын согушун, ыргактык аракетин толук өздөштүргөнүнөн улам ага керектүү нерселерди аныктап, ошого жараша ысык же суук экендигин билип, анан тамак-ашты ошого ылайык мүнөздөп берет. Мындай көрүнүш практикалык медицинада деле кездешет. Аны биз эми гана баамдап отурабыз. Бир мисал келтирсек, аз кандуулукка калориялуу, күчтүү тамактар талап кылынса, кан басымдын жогорулугуна жалаң аш болумдуу жеңил тамактар керектелерин азыр ким болбосун айттырбай билет. Бул кыл тамырчынын айтканынын белгилүү бир чындыгы бар экендигин ырастайт", - дейт Молдокерим.

Кыл тамырчынын сөзүнө караганда, адамдын денесиндеги ар бир орган кандын басымына өз үнүн берип турат. Тамырчы ошол үндү бирин экинчисинен ажыратып, кандын басымында белгилүү бир органдын үнүнүн жетишсиздигинен улам ал орган ооруп жаткандыгын аныктай алышы керек.

Мисалы, ашказан ооруп жаткан болсо кан басымдагы үндөрдүн катышында ашказандын бере турган басымдык ыргагы жетишсиз болот дагы, тамырчы аны ошол үндүн жетишсиздигинен аныктайт. Ошондой эле ошол ооруну эмне менен дарылай тургандыгын анык айтып берүүсү зарыл.

Эсенбек Молдокеримдин баамында, азыркы таптагы тамырчылыкты эскиден калган алдамчылыкка жамынган жаман касиеттердин бири катары карабай, аны өнүгүп жаткан медицина менен айкалыштырып кыргыздарга таандык өзгөчө илим экенин элге жеткирүү керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан