Ата салты: "Бөлүнүп ордо, чын мөөрөй атпай турган жер бекен, жатпай оюн көк бөрү, тартпай турган жер бекен". Көк бөрү оюнунун тарыхын билип алыңыз

Тектеш кабарлар: Ата салты (22 материал)

"Бөлүнүп ордо, чын мөөрөй атпай турган жер бекен, жатпай оюн көк бөрү, тартпай турган жер бекен" деп "Манас" эпосунда жазылган улуттук оюндардын элдин жашоосунда орду чоң. Алардын ичинен жоон билек баатырларыбыз тарткан көк бөрү оюну кыргыз элинин тарыхы менен тыгыз байланышта.

Көк бөрү кантип пайда болгон?

Бул оюндун келип чыгышы тууралуу көптөгөн кептер, уламыштар айтылып жүрөт. Элге сиңип, көп айтылып калган бир уламыш бар. Байыртан ата-бабаларыбыз малын тоонун төшүнө жайып, ага эч кандай деле короо салган эмес. Ошол мезгилде карышкырлар мал-жанга кол салып, аны кырып кеткен учурлар да көп болгон. Мына ушул мезгилде айылдан чыккан балбандар аттарын минип алып бөрүлөрдү качырып, жеткенин кармап тумшугун байлап, бири-бирине карышкыр өлгөнчө өткөрүп берип турушкан. Бара-бара бул оюнга айланып кеткен. Жоокерчилик заманда баатырлар бөрүнү тарткан болсо, кийин ал улакка алмашкан. Мындан улам көк бөрүнү элибизде улак тартыш деп да аташат. Бул оюн күчтү, шамдагайлыкты жана мыкты тапталган аттарды талап кылат.

Көк бөрүнүн эрежелери кандай?

Тарых барактарына кайрылсак, кыргыздын аш-тою көк бөрүсүз өткөн эмес. Улак тартышуунун тартиби боюнча, улакты алып келип таштай турган белгилүү жер болот. Аны таштоочулардын ала турган байгелерин жарчылар элге угузат. Маселен, төрт урук эл болсо, ар бир уруктан бештен, алтыдан киши чыгып тартат. Анда аттын күлүгү менен азаматтын балбаны же атка чыйрак чабандес, атка коркпой минген жана улакты көп тартып машыккан кишилер барат. Улак тартуу элдин каалоосуна жараша өтөт. Торпок тартабы же эчки тартабы, аны оюнчулар же уюштуруучулар өздөрү тандайт.

Бирок убакыттын өтүшү менен оюндун эрежелери өзгөрүп, ага толуктоолор кирген. Тактап айтканда, 1996-жылдан тартып белгилүү режиссёр Болот Шамшиев чыгарган эрежелерге ылайык, бул оюн ойнолуп келет. Оюн узундугу 200 метр, туурасы 60-70 метр аралыктагы аянтта ойнолот. Оюн үч бөлүктөн турат, ар бири 20 мүнөттөн. Ар бир таймдын ортосунда 10 мүнөттөн тыныгуу бар. Тай казандар оюн аянтынын эки жагында коюлган. Ар бир командада 12 оюнчу, 12 ат бар. Оюнда атаандаштар ат менен бири-бирин койдурмай, урдурмай, камчы чапмай жок. Эрежени бузган оюнчу 2 жана 5 мүнөткө оюндан чыгарылат. Эрежени одоно бузган улакчылар оюндун аягына чейин четтетилип, кийинкилерине катышпай калышы мүмкүн. Алдыдагы аргымактары теппей, тиштебей турган аттар болушу шарт. Үзөңгүлөрүндө учтуу темирлер болбошу керек, туяктарындагы така эрежеге ылайык жалпак, жука болушу шарт.

Оюндун башында салтка ылайык, эл улакчыларга бата берет. Ал эми оюн бүткөн соң оюндун мыкты оюнчусу же уткан команда улакты эл ичинде кадыр-баркы бар, сыйлуу адамга тартуу кылат. Жооп катары ал адам улакчыларга акчалай же болбосо мал энчилеп берүүсү керек.

Көк бөрү улуттук оюну ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине Кыргыз өлкөсүнүн атынан 2017-жылдын 7-декабрында киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан