Израилдик спортчулар "Токио-2020" Олимпиадасында спортчулар үчүн атайын даярдалган "жыныстык катнашка каршы" картон керебеттерди сындырып салышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Буга чейин Олимпиаданын уюштуруучулары спортчулар арасында ашыкча физикалык байланыштарды болтурбоо үчүн "жыныстык катнашка каршы" атайын керебеттерди даярдашкан. Ал керебеттер бир гана адамга ылайыкталган жана күтүүсүз кыймыл жасалган учурда сынып кетүүгө ылайыкталып, картон жана кайра иштетилген пластиктен даярдалган. Ошондой эле керебеттер 200 килограммга чейинки салмакты гана көтөрө алары да айтылган.
Израилдик спортчулар керебеттердин мына ушундай өзгөчөлүктөрүн сынап көрүүнү чечишкен жана андагы тартылган видеону Тик-Ток баракчаларына жүктөшкөн. Анда бейсболчу Бен Вангер баштаган спортчулар аталган керебеттин үстүнө биринин артынан бири чыгып, секирип жаткышканын көрүүгө болот. Натыйжада 8 спортчу бир убакта чыгып керебетти сындырышкан.
"Бизге Олимпиада шаарчасындагы картон керебеттер тууралуу көптөгөн суроолор келип жатат. Ошондуктан биз бүгүн бул керебеттерди сындыруу үчүн канча израилдик керек экендигин текшерип көрөбүз", - деп жазып калтырган израилдик спортчулардын бири видеонун башында.