"Токио-2020": Японияда шаар мэри тиштеп сүрөткө түшүп койгон алтын медаль кайрадан жасалат

Японияда шаар мэри тиштеп сүрөткө түшкөн спортчу кыздын алтын медалы кайрадан жасалат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Токио-2020" Олимпиадасында кыз-келиндер арасындагы софтбол спорту боюнча Япония курамасы АКШ менен финалда кез келип, 2-0 эсебинде утуп алган. Андан соң жеңүүчү команданын оюнчусу Гото Миу өзү туулган Нагойа шаарына барып, шаар мэри Кавамура Такашинин кабыл алуусунда болгон. Спортчу айым салтанаттуу жолугушуу учурунда алтын медалын шаар мэринин моюнуна таккан. Бул учурда сүйүнгөн мэр бет кабын чечип, Олимпиада спортчулары сыяктуу алтын медалды тиштеп сүрөткө түшкөн.

Салтанаттуу жолугушуу учурунда орун алган бул окуя социалдык тармактарда жагымсыз окуя катары бааланып, кызуу талкууга алынган.

Ал эми мэр Кавамура Такаши эртеси күнү бул жоругу үчүн кечирим сурап, медалды кайра жасатуу үчүн тийиштүү мекемелерге кайрыларын убадалаган.

Көп өтпөй "Токио-2020" Олимпиадасынын уюштуруу комитети медалдын жаңысын жасатып берүү чечимин кабыл алышканын билдиришкен.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KG-312
2021-08-13 19:15:22
Не болуптур тиштесе?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан