"Токио-2020": Футбол боюнча финалда Бразилия менен Испания беттешет

"Токио-2020" XXXII Жайкы Олимпиада оюндарында футбол боюнча Бразилия жана Испания курамалары финалда беттешет. Финалдык беттеш 7-август күнү саат 16:30 чамасында орун алат.

Бразилия курамасы жарым финалда Мексика менен кез келди. Оюндун негизги убактысында эки тарап тең голду ишке ашыра албай, оюн тең чыгуу менен аяктаган. Бирок пеналтилер сериясында бразилиялыктар күчтүүлүгүн көрсөтүп, 4:1 эсеп артыкчылыгы менен мелдештин финалына чыга алышты.

Ал эми Испания өлкөсү үй ээлери болгон Япония курамасын 1/2 баскычта 1-0 эсебинде жеңип, финалда оюн алып барууга мүмкүнчүлүк алды.

Финалдык беттеште Испания курамасын Реал Мадриддин көрүнүктүү жылдызы Марко Асенсио сыяктуу футболчулар баштап чыкса, Бразилия үчүн англиялык Эвертондун оюнчусу Ришарлисон Андраде сыяктуу жылдыздар оюн алып барат.

Эске салсак, Бразилия буга чейинки Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиаданын жеңүүчүсү.

Ал эми коло медаль үчүн болгон беттеште Мексика Японияны 3-1 эсебинде утуп, Олимпиада оюндарында 3-орунду камсыз кылышты.

Белгилей кетсек, "Токио-2020" Олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Оюндар 8-августта жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Pankration_MMA
2021-08-06 19:15:32
Бразилия уратко.
0
nazarnew
2021-08-06 20:50:16
Тең чыгат же Бразилия утат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан