Жаңы убактылуу эмдөө пункту Бишкек шаарындагы Жибек Жолу 381 дареги боюнча жайгашкан “Эльдорадо” соода борборунун эски имаратында Калкты тейлөө борборунда ачылды. Бул жарандардын убактысын үнөмдөө үчүн жасалган – эми жарандар документ иштерин жүргүзүүгө жана вакцина алууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
COVID-19га каршы эмдөөдөн 18 жаштан жогору бардык жарандар өтө алат. Эмдөө пунктуна паспорт менен кайрылуу зарыл.
Аталган жерде 41 кызматкер эмгектенип, бир күндө 1000 – 1200 адамды тейлейт. Эмдөө бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт.
Ошондой эле Бишкек шаарынын калкты тейлөө борборлорунда убактылуу эмдөө пункттары төмөнкү даректер боюнча ачуу пландаштырылууда.
КТБ-3 (Жаш Гвардия бульвары 4);
КТБ-2 (Чокон Валиханов 2, СБ "Аю Гранд Комфорт").
Белгилей кетүүчү нерсе, Earlyone мобилдик тиркемесинин жардамы менен калкты тейлөө борборуна барууну пландаштырсаңыздар болот.