Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Токиодогу Олимпиада оюндарында коло медалга ээ болгон казак спортчуларына ордендерди тапшырды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, Токаев Токио шаарында өткөн XXXII жайкы Олимпиада оюндарында жетишкендиктери үчүн спортчуларына сыйлык берүүнү чечкен.
- III даражадагы "Барыс" ордени - дзюдочу Елдос Сметов;
- II даражадагы "Достук" ордени - оор атлетчи Зульфия Чиншанло;
- "Курмет" ордени - каратэчилер Дархан Асадилов менен Софья Берулцева, мушкерлер Сакен Бибосинов менен Камшыбек Кункабаев, балбан Нурислам Санаев жана оор атлетчи Игорь Сон.
Буга чейин Казакстандын президенти "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында казак спортчуларынын көрсөткүчтөрү бөлүнгөн каражатка туура келбей тургандыгын билдирген.
Казакстан "Токио-2020" Олимпиадасында 8 коло байге утуп, 83-орунга жайгашкан.