Шайлообек Атазов: "Төлөйкан шайлоо округунда кайра шайлоо өткөрүш керек"

Тектеш кабарлар: Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо - 2021 (430 материал)

Бүгүн, 13-декабрда Бишкек шаарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына №8 Төлөйкан шайлоо округунан талапкер болгон Шайлообек Атазов шайлоодо добуш сатып алуу боюнча маалымат жыйын берүүдө.

Анда Шайлообек Атазовдун жактоочусу Сергей Слесарёв БШК фактылар турса дагы Нурбек Алимбеков боюнча чечим кабыл албай жатканын айтты. "Төлөйкан шайлоо округунда добуш сатып алуу фактылары турса дагы БШК Нурбек Алимбеков боюнча чечим кабыл албай жатат", - деди Сергей Слесарёв.

Өз кезегинде Шайлообек Атазов эгерде таза шайлоо өттү деген болсо, аталган шайлоо тилкесинде кайра шайлоо өткөрүү керектигин айтты. "Мен карапайым үй-бүлөдөн чыккан баламын. Шайлоодо 17 миң добушумду бир дагы сом бербестен алдым. Ошол 17 миң шайлоочумдун укугу тебеленбесин деп БШКга арыз менен кайрылып жатабыз. 17 миң добушту кээ бир партиялар дагы алган эмес. Эгерде президентибиз Садыр Нургожоевичтин таза шайлоо өткөрдүк деген сөзүн ишке ашыргыбыз келсе, Төлөйкан шайлоо округунда кайра шайлоо өткөрүшүбүз керек", - деди Атазов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан